Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамин Акималиев: “Илимге таянсак, азык-түлүк коопсуздугу камсыздалат”

Жамин Акималиев: “Илимге таянсак, азык-түлүк коопсуздугу камсыздалат”

20-ноябрь, 13:46
690 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР улуттук илимдер академиясынын академиги, кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институтунун директору Жамин Акималиев менен айыл чарбасына байланыштуу маек курдук.


-- Илимдер академиясына карата айтылып жаткан сын пикирлерге сиздин оюңуз кандай?

-- Сын пикирлерге толугу менен кошулам. Мамлекеттин жардамы менен улуттук академия өлкөдө болгон баардык окумуштуулардын орчундуу илимий борбору болушу зарыл. Ал үчүн илимий изилдөөлөр тынымсыз жаңы ачылыштардын жана алдыңкы ыкмалардын үстүндө иштеши талапка ылайык. Мындай натыйжалар биздин илимпоздорубузда бар. Негизги көйгөй ошолорду өндүрүшкө жана коомдук турмушка кеңири жайылтууда турат. Окумуштуулардын негизги вазийпасы  керектүү илимий иштерди жүзөгө ашыруу. Ал эми аларды алдыга жылдыруу жана экономикада пайдалануу – бул тармактык министрликтердин, комитеттердин жана облус, райондордун жетекчилеринин милдети. Качан гана өндүрүш менен илимдин ортосунда бекем көпүрө курулганда, өлкөбүз өсөт жана өнүгөт.

-- Сиз башкарып жаткан институтту сиздин менчик катара сыпатташууда. Бул канчалык деңгээлде туура?

-- Бул карандай калп. Институтубуз жана анын тажрыйба селекциялык жана үрөн чарбалары 100%га мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Биздин 6 чарбабызда 1070 гектар жер бар. Ошонун бир гектары тургай, бир сотугу да менин менчигим эмес. Тескерисинче, 1990-жылдарда өлкө боюнча жүргөн "прихватташтыруудан" биз өзүбүздүн чарбаларыбызды сактап калдык. Мага жалаа жапкан жаранды сотко бердим. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту менин доо арызымды кабыл алып, биринчи жыйынын өткөрдү. Буюрса, бул иш боюнча сот бийлиги мыйзамдуулуктун алкагында адилеттүү чечим кабыл аларынан үмүттөнөм.

-- Айыл чарба тармагында адис катары учурда эмнелерге өзгөчө көңүл буруу зарыл?

-- Азык-түлүк коопсуздугу. Бул маселе боюнча Садыр Жапаров менен жолугушууда мен кеңири айтып бердим. Азык-түлүк коопсуздугу тамак-аштын 9 түрүнөн турат. Алардын үчөө менен гана (жашылча, сүт, картошка) өзүбүздү өзүбүз камсыз кылабыз. Ал эми калган 6 түрүн (эт, жумуртка, нан, өсүмдүк майы, кумшекер, мөмө-жемиш) чет мамлекеттерден көп өлчөмдө ташып келебиз. Ушундай импорттун кесепетинен баалар дагы бир кыйла өсүп кетти. Чындыгында, бизде айыл чарбасынын баардык 9 түрүн өзүбүздө эле өндүрүп, элибизди арзан жана сапаттуу тамак-аш менен камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Аныгында, институттун илимпоздору чыгарган өсүмдүктөрдүн мыкты сорттору жана үрөндөрү менен дыйкандарды камсыз кылуу, өндүрүштө инновациялык жаңы ыкмаларды кеңири өздөштүрүү, жер жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, асыл тукум малдын санын көбөйтүп, жайлоолорубузду жакшыртуу. Жөндөмдүү жаштарды илимге тартуу максатында, окумуштуулардын маянасын эки эсе көбөйтүү – бул заман талабы.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер