Акыркы кабарлар
» Саясат » Нурлан Мотуев кимдин “куйругун” баскан?
Нурлан Мотуев кимдин “куйругун” баскан?
22-сентябрь, 19:56
21 037 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌18-сентябрь күнү Нурлан Мотуевди чак түштө, көчөдөн эле белгисиз адамдар аёосуз сабашып, оозу-мурдун канжалатып кетишкен. Бети түздөлүп, катуу жаракат алыптыр. Кимдин “куйругун” басканы белгисиз. Айтор, Нурлан Мотуевге олуттуу эскертүү берилди окшойт. Ары жагын адистер болжошсун... Көп өтпөй кол салгандар чекесинен кармала баштады. Кандай негизде сабашканы, мынчалык аёсуз кордуктун сыры толук кандуу ачылабы? Айрым билермандар “тилди этияттап, сүйлөгөндө байкаш керек” деп бекер жеринен айтышкан жокпу?
"Азия Ньюс" гезити