Төңкөрүштүн шарапаты менен келген кадрлардан Сыймык Жапыкеев бир сөөм жогору


Убакыт кимдердин ким экенин көрсөтөт эй! Төңкөрүштүн шарапаты менен жогорку кызматтарга дайындалышкан Элвира Сурабалдиева, Максат Мамытканов, Алишер Сабиров, Тилек Токтогазиев, Нуржигит Кадырбеков жана Сыймык Жапыкеев жаңы өкмөттүн курамына кирбей калышты. Көчөдө кыйкырышып, митингде жүрүшсө эле мамлекеттик кызматтарга кабыл алуу, татыктуу кадрлар катары саноо калпыстык го? Турмуш көрсөткөндөй, береги алтоо Американы деле ачып жиберишкен жок. “Кыйратабыз” дегендер ишке келгенде кемтиги көрүнөрү ушул тура. “Шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз” дегендей, колдорунан эч нерсе келбегендери ушулбу? Түштөн кийин актануу, кайрадан кызматка жулунуу менен не муратка жетишет? Баса, калыстык үчүн айтуу керек, Сыймык Жапыкеев кайсы бир деңгээлде (катачылыктарды кетирсе да) коррупция менен күрөшүүгө аракет жасады. Акаевдин доорунда дүнүйө-мүлктү эсепсиз жыйнап алган Кубанычбек Жумалиевдин аргасын кетирип, балдарын камап (инвестордон 1 миллион доллар алдап алышканы үчүн), “кустурууга” келгенде, адилетсиз сот аларды эркиндикке коё берип жибергени эмнеси? Жумурай журтчулук Жумалиевдин коррупцияга шектүү экенин жакшы билсе, анан бийликтин “кол жоолук” соттору коргоп калышса, аягы каягынан чыгабыз?.. Башка “бакырчаактарга” караганда соцтармакта Сыймык Жапыкеев популярдуу, колдоочулары арбын экени талашсыз. Дал ушул артыкчылыктарын ойлоп, бийлик билермандары “устукан” бериши мүмкүн.











