Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мелис Мырзакматов партия тандап, биригүүнү маалкатып аткан чагы

Мелис Мырзакматов партия тандап, биригүүнү маалкатып аткан чагы

14-сентябрь, 08:16
1 366 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Улуттар Биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов соңку учурда бир топ саясый күчтөр менен баарлашып, консультацияларды өткөрүп, аягында толук кандуу чечим кабыл алганга шашылбаптыр. Бирок, дээрлик башка уюм, топтордон айырмаланган “Ата Мекен” партиясына ыктап, кошулууга ниет кылып атканын эшиттик. Соңку убакта Өмүрбек Текебаевге байма-бай жолугуп, чай ичкени да бекеринен эмес... Эске салсак, 2015-жылы “Улуттар Биримдиги” парламенттик шайлоого “Ата Мекендин” желеги аркылуу барышкан. Бу саам кандай болорун убакыт көрсөтөт. О.э. Мелис Мырзакматов бийликчил күчтөргө да кылчактап, “Ишеним”, “Ата Журт Кыргызстанга” көңүлү түшүп турганын билдиришти. Кыязы, “кара кыздын багынан” дегендей, жакынкы күндөрдө Мелис Мырзакматов командасы менен кайсы партияга кошуларына күбө болосуңар. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер