Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Умрага баруу аялдар үчүн дүкөн кыдыруу эле. Көөп кетишкен...

Умрага баруу аялдар үчүн дүкөн кыдыруу эле. Көөп кетишкен...

19-апрель, 18:44
1 623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ватсап аркылуу белгисиз аялдын аудиосу тарады. Анда коронавирус илдети адамдарга эскертүү катары жараткандын жиберилгени айтылат.

“Азыр ойлонуп көрсөм, адамдар ушунчалык мас болгон экенбиз. Адамдын, сөздүн баалуулугу ж.б. сыртта калып, тойду биринчи орунга коюп калганбыз. Той үчүн кредит төгүп жашап калганбыз. Адамдар ушунча көр болуп бара жатканбыз. Шубаларды алмаштырып, 45 миңдигин чанып, 100 миң сомдугун алып калганбыз. Ар бир тойго, отурушка ар башка көйнөк кийип калганбыз. “Мурунку көйнөгүбүздү көрүп койду” дечүбүз. Эми карантинде ал көйнөктөрдү кимге көрсөтүп жатабыз? Бир башыбызга 4-5 бут кийим жетчү эмес. Тырмактарын беш жүзгө, каштарын беш жүзгө боетуп, көздөрүн чонойтуп-кичирейтип жаткандар эми эмне болушту? Бул акыр замандын эскертүүсү болуп жатат. Умраны да оюнчукка айландыра башташкан. Аялдар үчүн умрага баруунун максаты – дүкөн кыдырмай болуп калган.

Өкмөт айына ар бир үйгө бир кап ун менен 5 литр май таштап, ушул карантинди бир жылга созуп койсо болмок. Ошондо адамдар умранын, кийимдин, тамактын кадырын кичине түшүнүп калышмак... 

Алла Талаа “Биринчи сый менен ыйманга чакырам, келбесе ый менен чакырам” деген. Айрыкча аялдар ашынып кеткенбиз. Жаман көөп кеткенбиз. Жакшы нерселерди көрбөй калганбыз. Бирөөнүн кемчилигин чукулап чыгуу, артынан ушактоо, көр оокатына сын тагуу тирүүлүктөгү миссиябызга айланган. Бул жараткандын эскертүүсү. Биздин көзүбүз дале ачылган жок. Ыйманга келели. Ойлонолу. Көзүбүздү ачалы коомчулук” дейт белгисиз айым аудио кайрылуусунда.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер