Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коомчулуктун көңүлү бүгүнкү парламенттен үч көчкөн журттай калыптыр...

Коомчулуктун көңүлү бүгүнкү парламенттен үч көчкөн журттай калыптыр...

10-январь, 16:19
424 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2020-жыл жаңырып, парламенттик шайлоого дагы бир кадам жакындагансыдык. “Келерки чакырылыштагы Жогорку Кеңештен ким кайсы партияны көргүсү келет?” деген суроо менен айрым эксперттерге кайрылдык. 


Аскер САКЫБАЕВА, эркин журналист:

-- Азыр Жогорку Кеңеште отурган партиялардын мүчөлөрү депутат болуп келишин каалабайм. Демилгелүү, жаш, дүйнө кайда баратканын, биз кайда калганыбызды так билип, өнүгүү жолдорун иш жүзүндө көрсөтүп бере турган практик адамдар депутат болсо (!) деп ойлойм. Азыркы депутаттар элдин ишенимин 10 пайыз да акташкан жок. Тескерисинче, деңгээлди нөлгө барабар кылып беришти.


Алмаз ТАЖЫБАЙ, саясат талдоочу:

-- Эгерде ал либерал-демократия жана адам укуктарды сактоо баалуулуктарды орундатабыз десе, мамлекеттеги башкарууну реформалоо-башкарууга меритократия принциптерин киргизип жана алардын санын азайтса, макул болмокмун. Тилекке каршы, андай партия Кыргызстанда жок. Республика же Демократ жакын, бир аз окшоштугу бар. КСДП, “Ата Мекен” социалисттер солчулар башкача айтканда, сол тарапта. “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан”, “Бир Бол” олигархтардын партиясы, бирок либерал социалисттерге да окшойт. 

Өзүм либертариан партия болсо кошулат элеманы ачыш керек. Бизде бир да партия өзүнүн саясый идеологиясына дал келбейт жана дегеле идеологиясы жок.


Аркарбек МАМЫТОВ, жарандык активист:

-- Келерки парламенттен “Мекен үчүн”, “Мекен ынтымагы”, “Мекенчилдер” партияларынын мүчөлөрүн көргүм келет. Азыркы Жогорку Кеңештеги депутаттардын биринин да кайра келишин каалабайм. Алардын баардыгы саткын, принциби жок коркок, сабатсыз экендиктерин көрсөтүштү. Эгер булар кайра келе турган болсо, Кыргызстандын келечегин талкалашат.


Замир АЙЫЛЧИЕВ, жарандык активист:

-- Азыркы тапта Кыргызстандагы экономикалык-социалдык жашоо абдан татаалдашып кетти. 2015-жылы келген партиялардын тизмесин да, каталарын дагы карап көрсөк, алар баягы өздөрүнүн коомчулукка берген убадасын толук кандуу аткарган жок. Ошол себептен көзгө көрүнүктүү так бир партияны айтуудан алысмын. Депутаттык жааттан алып карасак, азыр эл өкүлдөрүнөн Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Абдувахаб Нурбаевдер элдин таламын талашып, маселесин чечүүгө, коомчулук менен аралашууга өздөрүнүн күчүн жумшап жатышат. Биздин 2020-жылы шайлоого келе турган партиялардан мекенге, элге, жерге күйө турган, элдин маселесин чече турган партиялар келишине тилектешмин. Партиялык система менен келгендин минус жагы ушул экен, жалаң байлар, базаркомдор келишүүдө. Биз ушул маселени чечип, бир мандаттуулукка эле өтсөк жакшы болмок. Кыргызстанга кызмат кылчу партиялардын келишине тилектешмин. 


Назгүл ЭШЕНАЛИЕВА, жарандык активист:

-- 2020-жылы парламенттик шайлоодо байлар менен карапайым адамдардын ортосунда күрөш болот. Электен өткөн, элдин сынынан өткөн мыктылар келишине тилектешмин. Анан ар партиядан барып, элди бөлүп-жарып, элдин эсебинен байыган байлардын чырагына май тамызганы туура эмес. Бир партияга, алдыңкы ондукка 10 мыкты бириксе, эл шайлап берет. Эл үчүн, мамлекет үчүн амбицияны, анча-мынча жеке таарынычтарды жеңсе болот. 


Төрөхан ЖУНУСБЕКОВ, жарандык активист:

-- Учурда иштеп жаткан партиялардын баардыгын эмес, жаңы патриот партияларды көргүм келет. Жаңы, жаш мекенчилдер келип, өлкөгө чоң бурулуш жасап жиберүүсүн каалайм.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер