Акыркы кабарлар
» Саясат » Сот Текебаевге “депутаттык мандат мыйзамсыз берилген” деп тапты
Сот Текебаевге “депутаттык мандат мыйзамсыз берилген” деп тапты
24-ноябрь, 12:10
1 539 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкек шаарынын административдик соту борбордук шайлоо комиссиясынын Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү жөнүндө чечимин мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Буга чейин Темирлан Ормуков административдик сотко кайрылып, БШКнын Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү жөнүндө арызын канааттандырганын мыйзамсыз деп табууну суранганы айтылган.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын 15-октябрда алган.
“Баракелде”