Акыркы кабарлар
» Саясат » Быйыл милицияда кимдер генерал болушу мүмкүн?
Быйыл милицияда кимдер генерал болушу мүмкүн?
15-март, 23:22

Келаткан күздө милициянын 100 жылдыгы болот. Өзгөчө дата, тарыхый окуя. Укук сакчыларынын түзүлгөнүнө кылым толууда. Биз алдын ала иш-чаранын маңызына токтолуудан мурда (ал жагын убагы келгенде жазалы), бир олуттуу жагдайга көңүлүңөрдү буралы. Эмесе, быйыл кимдер генерал болушат? Татыктуулар барбы? Албетте! Милициянын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, алгылыктуу кызмат өтөп, өмүрүн арнаган кадрлар жетиштүү. Мисалы, улуулата тизмектей келсек, Жеңиш Абитов, Жеңиш Жоробеков, Сталбек Рахманов, Урмат Жумабеков... Дал ушул полковниктер генерал чин-даражаларын алышса, жалпы өздүк курам, коомчулук деле туура кабылдашмак. Себеби, профессионалдарга адилеттүү баа берүү мезгилдин талабы! Ооба, буга чейин татыксыздар деле “чоң жылдыздарды” тагынып келишсе, чыныгы калыстык эми орнойбу? А баса, “медалдын экинчи бети бар” дегендей, генерал алуу үчүн тымызын чуркагандар Дамирбек Исаков, Улан Султанов, Азамат Токтоналиев, Нурланбек Бурканов ж.б. Мамлекеттик жогорку наамды акчага, таанышка салып эмес, кызылдай эмгек менен алганды качан үйрөнөбүз?.. "Азия Ньюс" гезити











