“Министр-шоумен” Эрлист Акунбековдун салыкчыларга байланыштуу иши эмне болгон?


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жеңил пиарды жакшы көргөн адам экен, бул багытта ой-да билгенин кылып атат. “Кой” деген кожо жок. Өзүн элге тааныштырып бүтө албай, баштала элек иштерин жарнамалап, баскан-турганын видеого тарттырып, жада калса жеке турмушунан бери айтып, соцтармактан байма-бай чыгууда. Министр деген оор басырыктуу болбойбу? Жок дегенде жүз күндүгүн өткөрүп, ошого жараша кылган жумушун, алдыга койгон план-программасын чагылдырса не? Бул эргул антпеди, урдум-соктум менен эле элге таанылуунун айласына өтүп, “шоумендин маскасын” кийдиби? “Сахнада” каалагандай ойной берсе, коомчулук аны ээрчип кете бербейт да...
Айтмакчы, Эрлист Акунбековдун Өзбекстандагы кармалган бизнес-партнёрлору, өзүнүн салыкчыларга байланыштуу иши кандайча тамамдалган? Жооп бере алабы? Анан алса, өткөн чагын кооздоп жаап коюп, корозчосунан койкоңдоп жүрсө эле пакиза көрүнөбү? Жо-ок, артка кылчайып көрөлү... Али бериле турган суроолор көп.











