Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Бизге 90 депутат жетет”

Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Бизге 90 депутат жетет”

05-март, 14:34
706 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

   -- Дастан Далабаевич, бая күнү митингге чыккандар көп талаптардын ичинде “парламент тарашы керек” деген да талапты коюшту. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Бул өтө туура эмес. Шайлоого чейин 214 эле күн калды. Жүз күндөн кийин шайлоо процесси башталат. Ошол жерден тандаса болот да. Азыр таратканда же смысл жок, же... билбейм. 

-- Бирок, бул аз да болсо элдин бир бөлүгүнүн пикири, көз карашы эмеспи?

-- Ошондо деле жөн эле айта бергенде болбойт да. Мындай да, азыр биз тарап кетсек, бюджетке терс таасирин тийгизет. Бюджетке терс таасир этсе, кимдин акчасы кетет? Ошол эле элдики кетет да. Ошондуктан менин оюмча, шайлоо убагында болушу керек. Бийлик демократиялык рычагдар менен алмаштырылганы оң. 

-- “Депутаттардын саны өтө эле көп” деген да пикирлер айтылды... 

-- Аны ойлонсо болот. Ушул жылдын 1-сентябрынан тарта Жогорку Кеңеште Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча укук пайда болуп калат. Ошол жерде карасак болот. Ооба, депутаттардын санын кыскартуу керек. Менимче, 90 депутат жетет. 

-- Депутат катары 6-чакырылыштагы парламенттин иши сизди канааттандырдыбы?

-- Мындан да жакшыраак иштешсе болмок. Кемчиликтер да  болду. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер