Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Министр Таалайбек Ибраев энергетика тармагын өнүктүрүп, ийгиликтүү иштеп атат”

“Министр Таалайбек Ибраев энергетика тармагын өнүктүрүп, ийгиликтүү иштеп атат”

10-март, 22:35
373 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баш сөз ордуна

“Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, өлкөбүздөгү кайсы тармак болбосун, кесипкөй, таза адистер жетекчилик кылганда гана оңолууга жол чабылат. Биз көбүнчө татыктууларды байкабай, көздөн кыя кетирген учурларыбыз кездешет. Аныгында, өкмөт курамында өз ишине патриот, эл үчүн кызмат өтөөгө берилгендер да жок эмес. Биз бул саам энергетика министри Таалайбек Ибраев тууралуу азыноолак ой калчап, окурмандар үчүн пайдалуу кеп курууга аракет жасайлы. 

Аликбек Жекшенкулов, саясатчы: 

-- Көп жылдардан бери энергетика системасында көйгөйлөр топтолуп, алдыга карай жаңыланган реформаны көрө албай келдик. Азыркы учурда да кыйынчылыктар бар. Сын-пикирлер айтылып келет, бирок кийинки келген министр Таалайбек Ибраевдин демилгелүү аракетин, күтүүсүз келген сыноону жеңе алгандыгын байкадык. ТЭЦ жарылганда ыкчамдык менен кризистик кырдаалды жөнгө салып, шаардыктарды үшүтпөй, ишбилги кадр экенин көрсөтө алды. Өзү баш болуп, жөнөкөй кызматкерлер менен аралашып жүргөнү жүрөк жылыткан... Суунун тартыштыгына, энергетикалык каатчылыкка карабай, элибизге жарыкты үзгүлтүксүз берүүгө аракетин жасап, алгылыктуу иштеп жатканы байкалат. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн инвестициялык климатты жакшыртып, пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу керек. Ошого жараша кадр саясатын да талдоого алып, чыныгы кесипкөйлөр менен таза иш алып баруу жөнгө салынса, эки-үч жылда энергетикалык кризистен чыгып кетүүгө негиздер бар. Бул багытта аракеттер башталганына байкоо салып келем. Өнүгүүгө карай Таалайбек Ибраевдин тажрыйбасы жетишерлик экенине ишенем. Убактылуу кыйынчылыктар үчүн эмоцияга алдырбай, мындай адисти сыйлап, колдошубуз керек... 

Турсунбек Чынгышев, «Электрстанциялары» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү:

-- Менин тагдырыма энергетика абдан маанилүү роль ойноду. Чындыгында республиканын эң маанилүү энергетикалык объектисин курууга, башкача айтканда, 1970-жылы Токтогул ГЭСинин курулушуна катышкам. Ал жактан 1980-жылы кеткем. Ошол жылдары Токтогул ГЭСинде өтө маанилүү иштер жүрдү, Күрпсай ГЭСинин курулушу башталды. Мен бул жерден энергетика тармагындагы абалды түшүндүм жана дээрлик топтолуп калган көйгөйлөрдү ким, кандай кадрлар чече аларын билдим.

Өнөр жай, айыл чарба, социалдык маселелер да маанилүү роль ойнойт, бирок энергетиканын мааниси өтө жогору. Электр энергиясыз бир дагы тармакты, анын ичинде өзгөчө социалдык-экономикалык системаны башкаруу мүмкүн эмес. 

Ооба, энергетиканын азыркы абалы, тилекке каршы, абдан оор. Электр энергиянын өтө чоң тартыштыгы бар, бул системанын техникалык абалы көйгөйлүү, көмөк чордондордогу жабдыктардын 60-70%ы эскирген. Ишканаларында эбегейсиз карыздар топтолуп калган.

 Электр энергиясын керектөө жыл санап жогорулоодо. Ошого жараша энергиянын таңкыстыгы дагы көбөйөт, башкача айтканда, энергия керектөө 10-15%га өсөт. Биз жыл сайын башка республикалардан экспорттоого аргасыз болобуз. Мына ушулардын баары маселе жаратып, жаңы электр энергиясын өндүрүүчү объектилердин жоктугу, станциялардын курулбай жатышы, инвестициянын келбегени, кыскасы, тышкы да, ички дагы себептерден улам, буга чейинки энергетика министрлигинин жетекчилеринин күчү эч нерсеге жетпей келген. 

Кыйла убакыт аралыгында топтолгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн акыры бир жол табылды. Энергетика министрлигине эрки күчтүү адам келди, ал энергетиканы жана эң негизгиси, көп жылдар бою топтолгон маселелердин түйүнүн чечүүнү билет. Жалпы тармакты жакшы билген адам катары мен акыры ушундай болгонуна кубанычтамын. Министрликке Таалайбек Ибраевдин келгени өтө сонун жарашты. Өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүүнүн конкреттүү программасы республиканын президенти, министрлер кабинетинин төрагасы жана парламент тарабынан колдоого алынган жетекчиликтин астында иштелип чыкканын билебиз. Өлкөбүздүн лидери да баардык энергетикалык көйгөйлөрдү жакшы түшүнүп, биргелешип чечүүгө киришкени кубантат. Энергия тармагын мындан аркы ийгиликтүү өнүгүшүнө жол ачылды.

Медетбек Айткулов, «НЭСК» АКнын экс-генералдык директору:

-- Азыркы учурда дүйнөлүк финансылык институттары жеңилдетилген кредиттерди берип, чоң инвестициялар тартылууда. Учурда энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жүргүзгөн иштерине чоң ишеним көрсөтүлүп жатканы ырас. Ал азыр коркпостон чоң реформа жүргүзүүдө, негизинен компаниянын финансылык абалы байкаларлык жакшырып атат. Азыркы жетекчи дасыккан адис болгондуктан энеретика тармагындагы келечекти көрө билет. Кайсы иштерди тез арада чечүү керек, кайсынысын келечекке калтыруу зарыл экени ага айкын көрүнүп турат. Азыр артыкчылык катары жаңы курулуш иштери болуп саналат. Электр энергиясын өндүрүү, иштеп чыгаруу, башкача айтканда, жаңы курулуштарды жүзөгө ашыруу маанилүү. Шамал, күн станцияларын, атомдук электр станцияларын куруу иштерин айтсак болот. Булар тез эле ишке кире турган долбоорлор эмес. Мындай ири долбоорлор бир жылда, же бир айда курулбайт, ага бир топ убакыт керек. Ириде жасалып жаткан иштерге баа берип, министр Таалайбек Ибраевге ийгилик каалайбыз.

Аскар Медетов, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти:

-- Өткөн жылы кургакчылык болуп, Токтогул ГЭСинде суу азайып, кышында свет өчөрү айтылганда, оюм онго, санаам санга бөлүнүп, тынчсыздангам. Ошондо энергетика министри Таалайбек Ибраев пресс-конференция берген. “Мындай кургакчылык биринчи болуп жаткан жери жок, 2014-2015-жылдары да, андан мурда дагы далай жолу суу азайып, ушундай болгон, анда да суу сактагычта суунун көлөмү 11 миллиард куб болчу, ноябрда, апрелде 6,4 миллиард калган. Быйыл болсо, жетпеген электр энергиясын Түркмөнстандан алабыз, элибиз камсанабаса да болот” деп ишенимдүү айтканы азыр да эсимде турат. Асыресе, мындай сөздөрдү сооротуу катары кабыл алгам, ишенген эмесмин, бирок анын ошондо айтканы туура экенин турмуш өзү көрсөттү. Кышында Бишкекте свет өчкөн жок, ТЭЦ жарылган учурда да электр энергиясын берүү жагы үзгүлтүккө учурабады. Электр тармагына ошондон улам бир кызыгып көрдүм. “Суунун башында болуп туруп, эмне үчүн өзүбүздө свет жетишсиз?” деген суроо пайда болот. Көрсө, биздин буга чейинки системалуу коррупциялашкан бийлик электр тармагынан уурдап, акча жегендин схемаларын иштеп чыгып, бирок энергетикабыздын өнүгүшүнө көңүл бурушпай, кам көрбөй келишкен экен. Министр Таалайбек Ибраев бармактайынан бери ушул системада эмгектенген, коён жатагына чейин билген күчтүү адистердин бири. Анын бул кызматка дайындалышы эң туура болгон, белин бек бууп иштөөгө киришкени байкалат. Ал келер менен президенттин тапшырмасы боюнча энергетика тармагын өнүктүрүү алкагында программа иштеп чыгып, учурда аны жүзөгө ашыруу үчүн каруусун казык кылып эмгектенүүдө. 

Азыр мына чакан ГЭСтерди куруу программасынын негизинде Таласта Баласаруу ГЭСи бүтүп, ишке киргизилгени жатыптыр. Ал жылына 100 мВт электр энергиясын иштеп чыгарат экен. Бул Талас өрөөнүндө электр энергиясы менен калкты камсыз кылууну бир топ жеңилдетет. Ушундай чакан ГЭСтен өлкөбүздө дагы он беши курулат экен. Электр энергиясын иштеп чыгуу жылдан жылга көбөйтүлүп, келечекте экспорттоо пландаштырылып жатканы жакшы. Эми бул жалаң эле электр станцияларынан алынган энергия менен эмес, министр Таалайбек Ибраев чет өлкөлүк инвесторлорду тартып, күндөн, шамалдан энергия ала турган станцияларды куруш үчүн Кытайдан, Германиядан, Россиядан чоң-чоң энергетикалык компаниялар менен келишимдерди түзүп, алар Ысык-Көлгө күндөн, шамалдан энергия иштеп чыга турган станцияларды курганы турушат. Мисалы, Тору-Айгыр айыл аймагына курула турган станция жергиликтүүлөрдүн айыл чарбасына келтирген чыгымдар үчүн 9 миллион сом төлөсө, аренда үчүн жылына 13 миллион сом төлөп, айылдын бюджети бир топ эле көбөйүп каларын эшиттик. Ушундай эле станция кыштыр-жайдыр тынбай ыркырап шамал болуп, бороон уруп турган Жумгалдагы Кызарттын белине, Баткенге салуу пландаштырылып жатыптыр. Сөзү менен иши төп келген Таалайбек Ибраевдин айтканына караганда, күн менен шамалдан энергия иштеп чыга турган станциялардан сырткары Камбар-Ата-1, Казарман, Сары-Жаз, Жогорку Нарын каскаддары ишке киргизилсе, өлкөбүздүн энергетика көйгөйү толук чечилип, электр энергиясын экспорттоо башталат. 

Жигердүү эмгектенген министр жалаң эле чоң долбоорлорду ишке киргизбестен, кардарлар менен иштөө системасында да реформаларды баштап, калкты электр энергиясы менен камсыз кылууну автоматташтыруу жана санариптештирүүнү жүзөгө ашырып, заманбап долбоорлорду реализациялап, энергетика системасын өнүктүрүү менен өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө да салымын кошуп, көмөкчү болоруна шек жок.

Бекбоо Маматбеков, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү:

-- Таалайбек Ибраевдин энергетика тармагына салымы өтө чоң. Бүт өмүрүн ушул тармакка арнап келе жаткан адам. Бир орунга тура албаган, иш дегенде ичкен ашын жерге койгон адис. Бул киши депутат да болду, бирок жашоосундагы эң маанилүүсү, орчундуусу энергетика тармагы экен. Болгон өмүрүн бул тармакка арнап койгон адамдардын бири ушул Таалай Омукеевич Ибраев болуп эсептелет. Электр энергия тармагында учурда өзгөрүүлөр, реформалар жүрүп жатат. 

"Северэлектро", "Востокэлектро" деген таратуучу компаниялар бар эле. Азыр баары улуттук электр тармагына кошулуп, бир чоң компания болгон. Бул реформанын жасалышы дал ушул министрдин убагында болуп отурат. Бул кишиде демалыш күн деген жок. Болгон күчүн ушул тармакты оңдоого жумшап келет. Эгемендик алгандан бери 30 жылдан ашык убакыт өттү. Ошол жылдары ушундай жетекчи министрликти аркалап келгенде, бул абалга, бүгүнкү акыбалга кабылбайт элек. Жыйырма жылда электр энергия тармагындагы жоготуулар 40%га чыгып кетти эле, учурда 12%га түшүп калды. Соңку убакта күндөн, шамалдан алынган чакан ГЭС куруу иштерине инвестиция тартуу боюнча чуркап жүрөт. Президент бекеринен 2027-жылга чейин өзгөчө укук берген жок. Учурда көпчүлүк маселелерди колуна алган киши. Буюрса ушундай жүрүш менен борборубузду электр тармагына жалпы өткөрүп алсак, түтүнсүз таза шаарга айланабыз. Ушул маселелердин баарын көтөргөн Таалайбек Омукеевичтин иштерине ийгилик каалайбыз.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер