Акыркы кабарлар
22:58
» Жанирмем » Балдары бар, ажырашкан мырзага азгырылдым, бул сүйүүбү?
Балдары бар, ажырашкан мырзага азгырылдым, бул сүйүүбү?
25-июнь, 22:48

Жашым 28де. Жогорку билимим бар, иштейм. Көңүлүмө эч ким жакпай жүрүп, жакында бирөөнү жолуктурдум. Башында эле бири-бирибизди жакшы көрүп калдык. “Кийин сени алдагым келбейт, мен үйлөнгөм, эки балам бар, бирок аялым менен жашабайм” деди. Билишимче, убактылуу эле таарынышып жүрүшкөндөй. Мени чындап жакшы көрөрүн, үйлөнөрүн айтып атат. Мен башка шаарга келе бергем, “сени көргөнү келе жатам” деп билет алыптыр. Мен да жакшы көрүп калдым. Көзүмө эч нерсе көрүнбөй калгансыйт... “Балдары болсо да тийем” деп атам. Ата-энем али билбейт. Негизи ушул чечимим туурабы? Араңарда балалуу эркекке тийип, бактылуу болгондор барбы? Бул сүйүүбү? Демек, баарын жеңсек керек...
Айгерим
"Азия Ньюс" гезити