Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлнара Ускенбаева: «Бизнес коомчулугу экинчи окуудан кийинки Салык кодексин көрө элекпиз»

Гүлнара Ускенбаева: «Бизнес коомчулугу экинчи окуудан кийинки Салык кодексин көрө элекпиз»

11-декабрь, 09:00
3 714 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандагы товар жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти менен маек.

-- Салык кодексине кирип жаткан жаңы эрежелер боюнча аталган мекеме кызматкерлерине чоң укуктар берилип жатканы айтылууда. Документте кандай жаңы толуктоолор болду?

-- Чынын айтсам, жаңы Салык кодекси менен бизнес коомчулук толук тааныша элек. Азырынча ага кандай өзгөрүүлөр киргенин, биздин кайсы сунуштар эске алынганын билбейбиз. Бизнес коомчулугу экинчи окуудан кийинки Салык кодексин көрө элекпиз. Өзүңүздөр билгендей, биринчи окуудан кийин өзгөртүүлөр орун алган, андагы айрым жоболор бизнестин позициясын алсызданткан. Ал өзгөртүүлөр мурда жок болчу. Ошондуктан, экинчи окууда каралып жатканда бизнес боюнча ой-пикирлер эске алынып, айрым жерлерге өзгөртүүлөр кошулган. Ошентсе да депутаттар эмнеге добуш бергени белгисиз. 

-- Бизнес коомчулугу тааныша элек болсо да, документ 1-январдан тартып ишке киреби?

-- Баарынан да Салык кодекси качан күчүнө кирери жана бул документ менен иштеп баштаганга канча убакыт берилери кабатыр кылат. Анткени, буга чейин «15-январга чейин» деп берилген убакыт өтө кыска болгон. Менин коркконум – аймактардагы, алтургай Бишкек, Чүй облусундагы, Оштогу ири жана чакан бизнес толук багыт ала албай калышы мүмкүн. Ал жактагы административдик процесстер өтө оор. Кантсе дагы мунун баардыгына акыркы чекитти президент коёт. Мындан улам «1-январдан тартып жаңы Салык кодекси менен жашап баштайбыз» деген айрым маалыматтар азырынча так эмес. Баса белгилеп айтат элем, «документ президент кол койгон күндө гана иштеп баштайт» деп айтсак туура болот. Буга чейин президент мыйзамдарды кайра кайтарган учурлар көп эле жолу кайталанган, күбө болгонбуз. Анда деле депутаттар кабыл алып, бирок чийки катары эсептелген мыйзамдар президент тарабынан артка кайтарылып келген. Биз болгону алдын ала кандай Салык кодексинин негизинде иштерибизди билгибиз келет. Себеби бул түздөн-түз бизнес коомчулугуна, жарандардын жашоосуна, жумуш орундарга, мамлекеттик казынага, деги эле бүтүндөй мамлекеттик схемага тийешеси бар, таасирин тийгизет. 

-- «Азыркы абалы менен тааныша элекпиз» дегениңиз менен буга чейинки Салык кодексин, андагы өзгөрүүлөрдү көргөнсүз да, бизнес ушул өзгөрүүлөргө даярбы?

-- Ачыгын айтканда, буга баардыгы даяр эмес, албетте, Бишкек менен Чүй облусунда ишкерлер анча-мынча даяр десек болот. Анткен менен аймактарда абал таптакыр башка. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер