Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Селден жабыркаган шалычылар жардамга муктаж”

-- Тазабек мырза, кечээ жакында Кара-Дарыяда жүз гектардай жерди суу алган турбайбы. Дыйкандар бир топ эле зыян тартса керек?
-- Кара-Дарыянын эли дыйканчылык менен гана тирилик кылат. Ал жерде көп мал багууга мүмкүн эмес. Демек, тапкан кирешеси жалгыз дыйканчылыктан. Тилекке каршы, жыл сайын ал жерде сел жүрүп, суу каптап, дыйканчылыкка олуттуу зыян келтирип турат. Буга чейин бир топ жолу протоколдук тапшырма берип, ӨКМ тараптан селден коргоочу дамбаны куруп бүтүрүү маселеси көтөрүлгөн, бирок жакшы жылыш болгон жок. Эгер ушул темпте кете турган болсо, дамба элүү жылда да бүтпөйт. Эне-бала акыркы малын сатып, акчасын дыйканчылыкка салышкан экен, бүгүнкү күндө кырсыктан улам жердеги түшүмдөн жок, же малдан жок отуруп калышты. Ушундай кыйынчылыкка башка дыйкандар да туш болушуп, менин округум болгондуктан, мага кайрылып жатышат. Аларга чыгымын эсептеп туруп, шашылыш жардам көрсөтүү зарыл болуп турат.
-- Болжол менен канча каражат керек?
-- Аны эсептеп чыгыш керек. Селден канча адам жабыркады, дыйканчылыкка канча чыгым жумшашкан – ошонун баарын кылдат санап чыгуу кажет. Ал жерге негизинен шалы айдалат.
"Азия Ньюс" гезити