Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талант МАМЫТОВ, ЖК депутаты: “Кой-Таш окуясына акыркы чекитти сот коёт”

Талант МАМЫТОВ, ЖК депутаты: “Кой-Таш окуясына акыркы чекитти сот коёт”

20-декабрь, 10:54
426 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Талант мырза, Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова “мен кол койгон текст менен Тынчтык Шайназаров окуган текст эки башка, экөөнүн ортосунда айырма бар” деген мааниде  сенсациялуу билдирүү жасады. Сиз бул боюнча эмне айта аласыз?

-- Андай болушу мүмкүн эмес. Комиссиянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары эле эмес, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз жарандар да болгон. Эгер дал келбестиктер байкалса, алар айтышмак. 

-- Бирок, Сооронкулова тажрыйбалуу юрист да, кандайдыр бир негиз   болбосо андай билдирүүлөрдү жасабаса керек эле. 

-- Өзгөчө пикир жазып атпайбы ал. Анын өзгөчө пикири турат. Калгандарыбыздыкы өзүнчө турат. Анын өзгөчө пикирин да эске алып, тыянак палатага келди го. Документтердин арасында бар. 

-- Мүчөсү катары айтсаңыз, комиссия өзүнө жүктөлгөн милдетти аткара алдыбы?

-- Негизи, мамлекеттик комиссия тарыхта биринчи жолу түзүлдү. Буга чейин Июнь коогалаңы сыяктуу орчундуу маселелерде да мамлекеттик комиссия түзүлгөн эмес. Парламенттик, өкмөттүк, эл аралык комиссиялар иштеген. Ал эми бул жолу мамлекеттик комиссия болгондуктан, коомчулуктан, саясатчылардан, өкмөттөн өкүлдөр тартылып, бирдикте иш алпарышты. Профессионал адамдар катышты. Биз укуктук мамлекет болгондон кийин Конституциянын талаптарына ылайык, акыркы чекитти сот коёт. Тергөөнү тергөө органдары жүргүзөт. Комиссиянын ал жагына аралашканга укугу жок. Бирок, ошол жерде болгон окуянын хронологиясын, окуянын себебин аныктап чыгып, окуянын кайта кайталанбасы үчүн бул комиссиянын чечими аябай чоң мааниге ээ. Биз рекомендация катарында сунуштарыбызды бердик. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер