Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АКШ өкмөтү башталгыч билим берүү системасын колдоодо

АКШ өкмөтү башталгыч билим берүү системасын колдоодо

08-июль, 11:26
436 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасы боюнча 1679 мектептеги 450 миңден ашуун башталгыч класстын окуучулары АКШ өкмөтү каржылаган «Окуу керемет!» долбооруна катышуу аркылуу өздөрүнүн окуудагы жетишкендиктерин жогорулатууда. 2024-жылдын 2-июлунда Бишкекте өткөн «Билим берүүнү трансформациялоонун заманбап стратегиялары» аттуу республикалык форумда КР билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин долбоору беш жылдагы жетишкендиктери менен тааныштырды. Форумда АКШнын айыл чарба департаменти (USDA) каржылаган МакГоверн-Доул «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасы да өзүнүн жетишкендиктери, анын ичинде 3000ден ашык мугалим жана 400 китепканачы үчүн дифференциацияланган окуу боюнча модулдарды дистанттык окутуунун натыйжалары менен бөлүштү. 

Форумга КР билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Ринат Бакеев, ошондой эле USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кайя Адамс катышты. 2019-жылы ишмердүүлүгүн баштагандан бери «Окуу керемет!» долбоору 17 миңден ашык мугалимдердин жана 3500 билим берүүдөгү кызматкерлердин технологияны колдонуу менен башталгыч класстарда адабий окуу жана математика сабактарын окутуунун натыйжалуу көндүмдөрүн жакшыртууга көмөктөштү. 

Долбоордун алкагында жергиликтүү жазуучулар жана сүрөтчүлөр төрт тилде жаңы аталыштагы 1579 балдар китептерин жаратышты. Бул китептердин электрондук версиялары, анын ичинде жандоо тилинде берилген 40 китеп жергиликтүү жана эл аралык санариптик китепканаларда балдарга жеткиликтүү берилди. «Окуу керемет!» өлкө боюнча 1679 мектепке жана 83 коомдук китепканага бул китептердин 2 миллиондон ашык нускасын таркатты.

«Биздин максатыбыз өмүр бою билим ала алган, белгисиз көп кырдуу жана татаал дүйнөдөгү көйгөйлөрдү натыйжалуу чече алган, маалыматты сынчыл ойлонуу менен өздөштүргөн, бир нече тилде кызматташа билген бүтүрүүчүнү даярдоо болуп саналат. Бул максатка жетүү үчүн адамдык, интеллектуалдык, финансылык ресурстар талап кылынат. Ошондуктан биз USAIDдин «Окуу керемет!» долбооруна жана USDA МакГоверн-Доул «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасынын алкагында көрсөткөн колдоого чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз!» деди билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев.

«Окуу үчүн бекем пайдубалды түзүү менен биз ар бир баланын жаркын келечегин камсыздай алабыз жана бирге күчтүү мамлекет курууга салымыбызды кошобуз» деди USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кайя Адамс.


АКШ элчилигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер