Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Надира Нарматова, ЖК депутаты: “Олимпиаданы бизнеске айлантып алышканбы?”

Надира Нарматова, ЖК депутаты: “Олимпиаданы бизнеске айлантып алышканбы?”

06-апрель, 19:52
564 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Надира Азимовна, социалдык комитеттин жыйынында сиз Жалал-Абаддагы олимпиада боюнча айтканыңызды угуп калдык. Ошондой факты чын эле болгонбу? 
-- Жалал-Абадда кыргыз тили боюнча олимпада өтүп, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан 300дөй окуучу катышкан. Жол киресин окуучулардын ата-энелери төлөп, ар бири миң сомдон беришиптир. “Олимпиаданы бизнес кылып алыпсыңар” деп элдин баары нааразы болуп кетишиптир. Окуучуларга чай бербесе, тамак бербесе, 1000 сомдон чогултуп эмне кылат?
-- Эреже боюнча мындай сынактарга бюджеттен акча бөлүнсө керек?
-- Социалдык комитеттин отуруму болгондо мен билим берүү министринен сурасам, “райондук, облустук, республикалык олимпиадалар үчүн да каражат бөлүнгөн, биз акча чогулткан жокпуз” деп айтты. Ошон үчүн мен “карап, текшерип мага маалымат бериңиз” деп министрге протоколдук тапшырма бердим.
-- Демек, текшере турган иш турбайбы?
-- Ооба. Керек болсо органдар текшериши керек. Кечээ менин вотцабыма “жеңүүчүлөргө белек алып тапшырмакпыз” деп жазышыптыр. Жеңүүчүлөрдү сыйлоого деле каражат каралган да. Анан калса, жеңүүчү деп табылган 3-4 окуучуга 300 миң сомдук сыйлык берилбейт да, көп болсо грамота тапшырылат.
«Азия Ньюс» гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер