Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чүй облусунун губернаторлугуна “Чемпионду” колдогондор, каршы чыккандар да бар

Чүй облусунун губернаторлугуна “Чемпионду” колдогондор, каршы чыккандар да бар

10-май, 15:46
1 265 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Жалал-Абад облусунун губернатору Тилек Текебаев орун басары Урмат Самаевдин иштешине мүмкүнчүлүк бербей келеби? Айтор, каарманыбыз ал жактан өзүн анчейин көрсөтө албай койду. Бир жагынан УКМК жасоолдору да кысымга алып кыйнаганбы? Сыягы, көмүскөдө көп кызыктар бар окшойт...

     Соңку убактарда Чүй облусунун губернатору Элкинбек Аширбаевдин жүүнү бош болуп, элдин жүгүн тарта албай атканы айтылууда. Адашкан кадрбы? “Мындай жетекчи менен президенттик шайлоону кантип өткөрүшөт?” деген суроо кабыргасынан коюлуп, талкууга “жем” ташталды. Ал арада токмоктуктар арасынан “Урмат Самаевди Чүйгө губернатору кылыш керек” деп колдогондор чыгууда. Бирок Сары Өзөндүн башка райондорунун мыктылары “Чемпионду” анчейин деле жактырышпай, каршылык көрсөтүүгө даяр турушабы? Аныгында бир кылка пикир жок. 

     Ток этерине келсек, Чүй облустук администрациясына көрүнүктүү жетекчи келбей, кор болуудабы? Убагында Туйгунаалы Абдраимов менен Канат Жумагазиев татыктуу кызмат көрсөтүп кетишти эле... Мындай мыкты кадрлар бааланбайт экен да...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер