Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Умар Орозов: “Аймактарда балдар хирургиясы жокко эсе, медицина абалы жан кейитет”

Умар Орозов: “Аймактарда балдар хирургиясы жокко эсе, медицина абалы жан кейитет”

22-ноябрь, 00:39
1 578 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Каарманыбыз Орозов Умар Дыйканович №3 шаардык балдар клиникасынын ириң-илдет хирургия бөлүмүнүн жетекчиси болот. Жалал-Абад облусунун Сузак районун кулуну. Жогорку категориядагы дарыгер, медицинага сиңирген эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасына ж.б көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Күн-түн дебей балдар өмүрүн сактап калууга бар күчүн жумшап, өмүрүн арнап, кесибине берилген мыкты адис менен балдар хирургиясы жана анда кезиккен илдеттер тууралуу маек курдук. 

-- Чоң турмуш шарданында билинбегени менен дарт азабын тартып, өмүрү кылдын учунда болуп кайрылган балдар сиздердин колуңуздардан сакайып, кайрадан жарык күндөгү жашоолорун улантат эмеспи...

-- №3 балдар клиникасында 2000-жылдан бери эмгектенип келем. Бала кезден дарыгерлик кесипти жактырчумун. Ошол кыялдар бул кесипти тандоого түрткү болду. Клиниканын хирургия бөлүмүн үч жылдан бери жетектеп келе жатам. Биздин бөлүмгө сокур ичегинин ириңдеп жарылып кеткендери келип жатышат. Андан сырткары, остеомиелит (сөөк кулгунасы) менен кайрылышат. Жаш балдардын сөөгү назик болот да, сокку болгондо сөөк ириңдеп кетип, остеомиелит дартына айланып, майыптыкка чейин жеткен учурлар болуп калат. Бул жерде остеомиелит боюнча биздин Кыргызстандагы балдар хирургиясынын негиздөөчүсү В.Кононовдун салымы зор. Ал киши медицина илимдеринин доктору, профессор болгон. Ошол киши остеомиелитти аябай изилдеп, баардык союзга кирген өлкөлөр ал кишинин рекомендациялары менен эсептешишкен. Монографиялары, бир топ эмгектери бар. 

-- Сокур ичеги болуп, жарылгандар дагы көп кайрылабы?

-- Бир жыл аралыгында бир топ эле балдарды дарылап айыктырабыз. Мисалы, сокур ичегинин жарылып, ириңдеп кеткени бир жылда 150дөй балада кездешет. Дарылоо мөөнөтү эки жумадан үч жумага чейин созулат. Учурда ошол сокур ичегинин ириңдеп жарылып кеткени боюнча эки илимий иш жүргүзүлүп жатат. Алардын бирин мен өзүм, экинчисин Чыңгыз деген аспирантыбыз изилдеп, эки башка ракурста карап жатабыз. Себеби, сокур ичеги жарылып кеткенден кийин ичеги көңдөйүнө ириң ж.б. жаман нерселер чогулуп калат. Анын баарын тазалап чыгабыз. Бирок ошондо да ичегилердин арасында калып калышы мүмкүн. Кээде сезгенип калган орган кайра суюктукту иштеп чыгара берет. Алар топтолуп калса кайра операция жасоо керек болуп калат. Менин ыкмам боюнча операция болуп тигилген жердин четтерин тигип, ортосун калтырып колкап салып коёбуз да, ал жерди күнүгө таңганда айлантып коюп турабыз. Жатканда да жарымын отургузуп, жарымын жаткырган абалда көп кармайбыз. Бул абалда калып калган суюктуктун баары колкап коюлган жактан чыгып кетет. Ал эми колкапты 6-7-күндөн кийин алып салабыз. Ошого чейин баары тазаланып калат. Ар бир үч күндө УЗИ менен көзөмөлдөп турабыз. 

-- Сокур ичеги эмнеден пайда болот? Кантип алдын алуу керек?

-- Сокур ичеги хирургиядагы эң кеңири тараган оору. Чоң адам болобу, жаш  балабы, ичи ооруганда биринчи сокур ичеги эмеспи (?), ошол текшерилет. Аны жокко чыгаргандан кийин башкалары каралат. Ал эми ич оорунун жүздөн ашык түрү бар. Алардын баардык түрү менен биздин ооруканага жатып дарыланышат. 

Сокур ичеги 300 жылдан бери операция жолу менен дарыланып жүрөт. Бирок ушул кезге чейин анык, туура теория айтыла элек. 5-6 теория айтылып жүрөт, бирок, “дал ушул нерседен сокур ичеги пайда болот” деп аныктала элек. Сокур ичегинин өзүнүн симптомдору болот. Ошол симптомдор боюнча диагноз коёбуз дагы, дарылоо жүргүзөбүз. Сокур ичегинин жарылып кетүүсү көбүнчө дарыгерге кеч кайрылуудан болот. Биз 3 сааттан 6 саатка чейин бул дартты тактап алып, бар болсо операцияга киргизишибиз керек. 

-- Жыл санап көбөйгөнүн да угуп калабыз...

-- Улам жыл өткөн сайын көбөйгөнү байкалып келет. Биз жылына анализ жүргүзүп, илдеттин көбөйгөнүн ички миграцияга байланыштырып келебиз. 

Жаш балдарга тез арада жардам көрсөтө турган бир гана биздин оорукана. Жал кичирайонунда жайгашкан балдар ооруканасы план менен иш жүргүзүшөт.  

Көп жерлерде, аймактарда балдар хирургиясы жокко эсе. Союз тараган жылдары “ҮДТны негиздейбиз” деп балдар ооруканаларын, балдар үчүн адистерди жок кылып алышканы өкүндүрөт. Ошондуктан республиканын бүт аймагынан, айрыкча түндүк аймагындагы облустагылардын баары келип бизге кайрылышат. 

-- Балдар хирургу катары ата-энелерге кандай кеп-кеңештериңиз бар?

-- Балдарга көбүрөөк көңүл буруш керек. Азыр заманды шылтоолошуп, бала-чакасын таштап Россияга кетип калышат, же көп ата-энелер эртең менен таң атпай жумушка кетишип, кечинде кеч келишет. Балдарга көңүл бурулбай калып жатат. Аларга көңүл буруп, ооруп калса тез арада текшертип, “балдарды карагыла” деп чакырып кетмекчимин. “Ичим ооруп атат” десе, “Кудай сактасын” деп антибиотик берип жаткырып коюшат. Анан бир жума, он күндөп бала кыйналып, ичегилери жабышып, ириңдеп кеткендер көп. Ата-энелер балдарына жоопкерчиликтүү болушу керек. Сокур ичеги 4-5 стадиядан өтөт. Ата-эне тараптан жоопкерчилик болсо, ар бир оорунун алдын алып, же эртерээк кайрылса жакшы жыйынтык болот. Мисалы, онкологияда деле оорубай жүрө берип, 3-4-стадияга жеткенде кайрылышат. Баардык эле ооруларда ошондой тезирээк кайрылса жеңил болот. 

Анан дагы акыркы пикирим, өкмөт, мамлекет дарыгерлерге көңүл бурушу керек. Пандемия учурунда канчалаган дарыгерлерден айрылып калдык? Ал эми айлык акылар жеткиликсиз. 8-9 жыл окуган дарыгердин айлыгы 5 миң сом. Анан категориясына кошулуп отуруп араң 10-12 минге барат. 12 миң менен бир үй-бүлөнү багуу мүмкүн эмес да. Мамлекет жаңы ооруканаларды куруп, айлыктарды көтөрүп, тез арада саламаттык сактоого көңүл бурбаса, мышык ыйлаарлык эле абалдабыз. 

Мурда дарыгерлик кесип сыйлуу, ардактуу эле. Азыр бир байкуштай мамиле кылышат. Мунун баары мамлекеттин көңүл бөлбөгөнүнөн чыкты. 

Израилдин бир премьер-министри “мамлекет үч эле нерсени жакшы караш керек: мугалимдерди, медиктерди жана мекен коргоочуларын” деп айткан. А бизде тескерисинче, каралбай калды. Өзүбүздүн эле кошуна өлкөлөр Өзбекстан менен Казакстандан 20-30 жылдай артта калдык. Бийлик башына келгендер же чек ара маселесин чече алышпайт, же бийлик талашып качып кетишет, же камалып жок болушат...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер