Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бизде Саида Мирзиёевадай мураскер жок. Бирок кийинки президент ким болот?

Бизде Саида Мирзиёевадай мураскер жок. Бирок кийинки президент ким болот?

22-август, 00:10
1 078 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзбекстандын президенттинин администрация башчысы Саида Мирзиёеваны ажобуз Садыр Жапаров кабыл алганы боюнча маалымат тарады. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, маданий-гуманитардык жана билим берүү байланыштары боюнча сөз болгон. Албетте, эгерде биздин өлкөбүзгө пайдалуу аракеттер орун алса, түз карайлы. Бирок бул жерде маселе тереңде жаткандай...

Карып бараткан Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев арканды алыс ыргытып, кызы Саиданы мураскер катары такшалдырып, эмитен президенттер менен жолугуштуруп, чоң саясаттын камын көрүүдө. Диктатурасы, камчысы катуу өзбек бийлигине эли баш көтөрө албайбы? Өз ара келишпестиктер жаралганы менен убагы келгенде кандай реакция кылышат болду экен? Назилинде Саида Мирзиёева билимдүү, тажрыйбалуу кадр катары белгилүү. Аны эл аралык масштабда ой жүгүртө алган, деңгээли жогору саясатчы катары баалайбыз. Бирок келечекте президентти тандоодо ачык альтернативалуу күрөш жүрсө, өзбек калкынан деле даңканы катуу ыргыган сайкүлүктөр чыгышы ажеп эмес. Ал жагын убагында көрөлү. Асыресе, Өзбекстанда чыныгы күчтүү саясатчылар четке сүрүлөрү боюнча божомолдор жортуп келатат го? Ооба, биз эл аралык эксперттердин баамын да эске алуудабыз...

Аныгында, Кыргызстанда атасы бийликти баласына же кызына өткөрүп берүү машакаты көрүлбөйт. Мындайга эч бир башчы бара алган эмес. Айрымдары тымызын аракет кылышып, натыйжада, тилектери ташкапкан эле. Элибиз да эркиндикти, туура тандоону сүйөрү калетсиз. Кийинки президенттик шайлоодо Садыр Жапаров же Камчыбек Ташиев чыгары алдыртан айтылып келет. Ток этер жерине келгенде, эки дос өз ара чечишип, анан аламан жарышка бирөөсү бараттыр. Бизде башка да күчтүү талапкерлердин ат салышуусуна бут тосулбайбы? Айрым дымып жаткан саясатчылар убагы келгенде билек түрүнө чыгышса керек. Мына ушул маселе олуттуу жүйө катары элдин назарына коюлмакчы...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер