Президенттин администрациясы омбудсменди тандоодо кийлигишпесе керек...
Алгач “Азия Ньюс” гезити Өмүрбек Суваналиевди даңазалап, омбудсмендик кызматка татыктуу экенин жазып, сүрөп баштаган эле. Коомчулук жылуу кабыл алган... Учурда аталган кызматка чуркагандар арбын, Акүй-Көкүйдөн суранышып, колдоо издей башташыптыр. Президенттин администрациясынан “добро” алууга ашыккандарды кандайча түшүнөбүз? “Өйдө жактан буйрук болсо, “чычкак” депутаттар колдоп коёт” деген ойго жетеленүү туура эмес. Биздин баамыбызда, президент Садыр Жапаров омбудсменди шайлоодо эч кимге тартпай, депутаттардын эркин добуш берүүсүн колдоп, көз карандысыз омбудсменди тандоого шарт түзсө керек. Ошондо гана элдик кызматтын аброю көтөрүлөт. Эмесе, президенттин администрациясынан же УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден айрымдар үмүт кылышпаса, татыктуу талапкер адилеттүү алкакта тандалса (!) дейбиз.
"Азия Ньюс" гезити