Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев: “Сабырдуулук кылып, президентке жардам берели”

Балбак Түлөбаев: “Сабырдуулук кылып, президентке жардам берели”

21-март, 15:19
3 623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Балбак мырза, учурда Бишкек шаардык кеңештин шайлоо үгүт иштери жүрүп жатат. Мурда болуп көрбөгөндөй 20дан ашык партия ат салышып атканын билсең керек. Чындап эле ордо калаабызды оңдогонго баратышабы же бийлик мансабына кызыккандарбы? Ушу боюнча пикир айтып коёсуңбу?

-- Отузга жакын партия Бишкек шаардык кеңешке ат салышып атат. Бул эмнени билдирет? Шаардын бийлигинин, мэринин аябай маанилүү экенин айгинелейт. Ордо калаабызда баардык саясатчыларыбыздын, дээрлик катмардын бизнеси чогулган. Бир миллиондон ашык эл жашайт, мындайча айтканда, Кыргызстандын калкынын үчтөн бир бөлүгү десем жаңылбайм. Бишкекти башкаруу – өтө чоң жоопкерчилик. Ошондуктан ат салышып аткан саясый партиялар шаардык кеңеш аркылуу жеңип келип, анан Бишкек шаарын башкарууну белсенип турушат. Булар “мурункудай эле болот, бизнестерибизди коргойбуз, өнүктүрөбүз, каалагандай иш жүргүзөбүз” деп ойлоп атышат. А чын-чынына келгенде мурункудай болбойт. Элдин баарынын аң-сезими Кудайга шүгүр, өсүп жетилди. Борбордун көйгөйүн реалдуу чечиш керек. Ара-чолодо шаардык кеңешке чуркап аткан партиялардын программаларын карап отурсам, жөн эле ай-асманды сапырган куру убадаларды берип атышат. Ооба, алардын арасынан 3-4 партия бар, шаардын көйгөйлөрүн жана аны кандай чечүүнүн жолун билгендер. Калгандары бюджет кайдан келет, аны кантип жумшаш керек, аки-чүкүсүн билишпей эле дүргүп алышкан. Бир четинен ошончо партия аттанып алганы кубандырат, бир четинен өкүндүрөт.

-- Ден соолугуңду чыңап атыпсың, эмнең ооруп, эмне кылып дарыланып, кайсы доктурга барып атасың?

-- Ооба, ден соолугумду чыңдап атам. 2018-жылдан бери тынымы жок иштеп, саламаттыгыма көңүл бөлбөдүм, ага убакыт деле болгон эмес. Пандемия башталып кетти. Кийин Ысык-Көлгө губернатор болуп кеттим. Кайра келдим, жалаң ызы-чуунун үстүндө жүрдүм. Ден соолук каралбай калган. Доктурга жатып чыктым. Баштын моюн жагындагы күрөө тамырлар ичкерип, кантым да көтөрүлүп кетиптир. Аллергия деген немеси жүдөтүп ийди. Мына ушулардын баарын дарылап атабыз. Спорт менен шугулданып, ашыкча салмактан арылуудамын. Кудайга шүгүр, азыр жакшымын. Баары калыбына келип калды.  

-- “Балбак Түлөбаев чоң кызматка барат экен. Ошого азырынча даярданып атыптыр” деп имиш кеп уктук. Ушу боюнча өзүңдөн уксак?

-- Өлкө “солдатымын”. Эгер өлкө башчы кызматка чакырып калса, колуман келе турган иш болсо, иштеп берүүдөн баш тартпайм. Колуман келбесе ачык эле “бул иш менин колуман келбейт” деп айтам. Мамлекетке салым кошууда сөзсүз эле бийликтин бир бутагында болуу кажет эмес. Жаңы шайланган президентке баарыбыз жардам бергенибиз оң. Кечиресиз, жаңы эле келген келинди эки ай өтө элек жатып “бол, бизге бала төрөп бер” деген туура эмес го? Ошон үчүн сабырдуулук кылалы, убакыт берели. 

Эгер мени Садыр Нургожоевич кызматка чакырып, ал кызматты аркалай ала турган болсом, ошого көзүм жетсе, анда ал кызматтан качпайм.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер