Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президенттин аппарат башчылыгына Аликбек Жекшенкулов келеби?

Президенттин аппарат башчылыгына Аликбек Жекшенкулов келеби?

13-февраль, 12:41
1 484 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ЖМКларда президенттин аппарат башчысы Досалы Эсеналиевдин отставкага кете турганы жазылууда. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Бирок, бул орунга болбогон кадрлардын “кудаланып” атканын угуп атабыз. Мисалы, Кубатбек Боронов кантип жарасын? Жарабайт да...

Бизге жеткен соңку маалыматтар боюнча, Кыргызстандын РФдагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Аликбек Жекшенкулов президенттин аппарат башчысы болуп калышы мүмкүн. Тар чөйрөдө лөктөр арасында кеп болуп, бул сунушту көтөрүү маселеси турганын эшиттик. Албетте, бийликке таасир этчү топтор арасында бир жагына жакса, экинчи жагы кызганышы ыктымал. Бирок, мамлекеттин кубаттуулугу, президенттин иши алдыга жылышы үчүн күчтүү аппарат башчы керек да. Аликбек Жекшенкулов дасыккан дипломат, барандуу саясатчы, мыкты уюштургуч катары белгилүү. Ал баардык күчтөрдү жайгарууну билет, элдин маанайына жараша саясат жүргүзүүнү жакшы өздөштүргөн. Аз убакыттын ичинде эле РФдагы элчи катары биз болжогондон да жогорку деңгээлде иш алып барууда. Эми мындай тажрыйбалуу кадрды алыска кармабай, президентке арка-жөлөк кылышса не? “Жандооч кийик аттырат” деген кеменгер кеп бекер айтылбагандыр...

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер