Арстан Алай президент Жээнбековдун ордун талаша баштады. Оппозиция кайда?..

Өлкөдө кызык эле көрүнүштөр... Бийликке оппозиция болуп чыккан Алмазбек Атамбаев камалгандан кийин салмактуу саясый күчтөр жокко эсе болуп, натыйжада, Арстан Алай өзүн Кудай атап, Сооронбай Жээнбековдун ордун талаша баштады. Ажылдаган жоон топ катындардын пикети Акүй астында өтүп, ачык эле президенттин отставкасын талап кылып атышат. Негизи бул эргул диний кастыкты козутууга шек келтирип, өзүн пайгамбардан да жогору сезип атканы коомчулуктун кыжырын кайнатууда. Ошентип, оппозиция жок болуп, аягында Арстан Алайга муктаж болуп калууну ким ойлоду эле? Эгерде бийликке каршылык көрсөтүү менен конструктивдүү ой-пикирлер айтылбаса, реалдуу саясый күчтөр чыкпаса, эртең ашынган динчилдер да баш көтөрүшүп, жыйынтыгында, мамлекетибизди хаоско алпарып тыкпайбы?..
Aryba.kg