Сүйүн Өмүрзаков, ЖК депутаты: “Жолдор оңдолуп, элдин көңүлү көтөрүлүп калганын байкадык”

-- Сүйүнбек Абдылдаевич, жакында эле округга барып келдиңиз окшойт. Кандай жагымдуу көрүнүштөргө күбө болдуңуз, элдин маанайы кандай?
-- Кетип баратканда жолдордун оңдолгонун көрүп кубандым. Өзгөн–Мурзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолу көптөн бери оңдолбой, арыз-муңдар арбын эле. Кечээ барганда жолдор оңдолуп, элдин көңүлү көтөрүлүп калганын байкадык. Көп жаңы социалдык объектилер, мектептер салына баштады. Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүндө Назаров мектебинин окуучулары бир канча жылдан бери уй фермасынын имаратында окушчу. Кечээ жакында мектептин курулушу башталды. Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулган үйлөрдүн ачылышы болду. Өзгөндө ПОМ ачылды. Албетте, дүйнө жүзүндө болуп жаткан кризиске байланыштуу эл керектеген товарлардын кээ бир түрлөрү кымбаттаганы байкалат. Бирок, негизинен элдин маанайы жакшы.
-- Кара-Кулжа–Алайкуу жолу боюнча эмне айта аласыз?
-- Ал жолдун да бир канча чакырымы асфальт төшөлүп, оңдолду. Татаал рельеф аркылуу өткөн таштак жол эмеспи. Ошондуктан, аны асфальттоо боюнча адистердин ортосунда да талаш пикирлер бар. Бирок, министрлик техникаларды алып барып, оңдоп жатат.
"Азия Ньюс" гезити