Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урмат Барыктабасов: “Куру убадалар менен караңгылык чоң чырды жаратат”

Урмат Барыктабасов: “Куру убадалар менен караңгылык чоң чырды жаратат”

15-ноябрь, 13:28
1 181 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Гезиттин бул санында бийликтин бараткан жолу, өлкөнүн келечеги, элдин үмүтү тууралуу өз пикирин коомдук ишмер Урмат Барыктабасов бөлүштү. 

-- Төңкөрүш да болуп өттү. Өнүгүүгө, жакшы жашоого үмүт арта алабызбы?

-- Азыркы бийлик элди жакырчылыкка алып баратат. Билимсиздик, түркөйлүк, кежирлик, ачкөздүк, колунан эч нерсе келбегендик – биздин мамлекетти блокадага кептеди. Жогоруда айтылып кеткен мүнөздөмөлөр абалды оорлотууда. Бул жол элди жакырчылыкка алып келген. Азыркы бийлик да ушул жолго түшүп алды. Куру убадалар менен караңгылык чоң чырга алып келчү абалга баратат. Өлкөнү өнүктүрүү үчүн билим менен тажрыйба керек. Мамлекетти башкарууда, аны алдыга алып кетүүдө кызматты ээлеп алгандан башка дагы көп нерсе зарыл. Ал билим менен тажрыйба. Азыркылардын ою боюнча шайлоодон өтүп алгандан кийин эле баары калыбына түшчүдөй экен. Бирок, айтылып жаткан убадалардын бири да ишке ашпайт. Анткени, өкмөттүн курамында жолду, ишти так билген кесипкөй жок. Мындай багыты жок кете берүү узакка созулбайт. 

    -- Тышкы өлкөлөрдөн жардам алуу менен кыйынчылыкты жеңүүнү кандай карайсыз?

-- Карыз сурагандан башка дагы жолдор бар. ТИМдин өкүлү ишти башка өлкөлөрдөн карыз суроо менен баштады. Бирок, башка мамлекеттердин өздөрүнүн маселелери толтура. Биз дүйнөгө өзүбүздүн сунуштарыбыз менен чыгуубуз зарыл болуп турат. Чек араларды ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүшү керек эле. Коңшу мамлекеттер менен мамиле жөнгө салынбаса, карызга акча алгандан жыйынтык чыкпайт. Мамлекеттин да, элдин да абалы оорлошо берет. Эл куру убада менен илгери үмүткө алданды. Ишти саясаттан эмес, экономиканы жөнгө салуудан башташ керек эле. Тилекке каршы, биздеги бийлик дагы, эл дагы саясат менен алек. Мунун кесепетин товарларга болгон баанын жогорулашынан эле көрсө болот. Бирок, мындай учурду дагы өлкө башынан өткөрүшү керек. Анткени, эл ушул жолду өзү тандады. Мындан улам, эл арасында тандоо табитинин калыптана электигин көрдүк. Эл куру убада менен илгери үмүткө алданды.


Мээрим Асанова 

«Азия Ньюс» гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер