“Жашай турган жери жок, көчөдө калган адамдардын көбөйгөнү чочулатат”

-- Бишкекте туруктуу жашаган жери жок, көчөдө калган адамдардын көбөйгөнү кооптондурбайбы? Кайда баратабыз?..
Рамазан Дырылдаев, коомдук ишмер:
-- Кичинекей Кыргызстанда жарандарыбыздын көчөдө калышы, тентип нан табуу айласында башка мамлекеттерде ит көрбөгөн азаптуу турмушту баштан кечиргени мени абдан кыжалат кылат. Көчөдө калышып, жашай турган жери жок адамдардын көбөйгөнү чочулатат. Чынында Кыргызстанда атуулдарыбыздын көчөдө калганы уят. Ошон үчүн бийликтегилер мына ушундай адамдардын катмарын да эске алып, тез арада мамлекеттик камкордукка алышы керек. Үй-жайсыз адамдар үчүн атайын программа кабыл алып, мыйзам менен корголо турган кылышы керек.
Ошондой эле экологияга, элге зыян келбей турган жолдор менен сейрек кездешүүчү металлдар бар. Ошолорду каздырып, анын пайдасын кедей-кембагалдар көрө турган кылсак, Кыргызстан заматта өнүгүп, башкалар суктанган мамлекетке айланат. Мына ушул жагын да карап көрсөк болот. Чындыгында бизде кен байлыкты туура пайдаланса, эң бай өлкө болмокпуз. Ушундай кен байлыктарыбыз бар туруп, элибиздин көчөдө калганы уят.
Ыргалай Бекмуратова, “Мээр жазы” уюмунун башчысы:
-- Бул жагдай чынында эле өтө кооптуу. Мени санааркатканы – үйүн банкка тарттырып жиберип, көчөдө калгандардын саны күндөн күнгө көбөйүп баратат. “Кайда барып башымды калкалайм? Кантип күн көрөм?” деген ой менен жүргөндөр, жандарына күч келгенде эң биринчи өздөрүнө кол салышат. Же жаны кашайып турган немелер көчөдө калганына себепкер болгондорго катылышы мүмкүн. Мисалы, менин жанымда жалгыз үйүн ар кандай себептерден тарттырып жиберип, жашоого тойгондор көп. “Кой, кой” дей берип, аларга алым жетпей баратат. “Бюджетти ашыгы менен көбөйттүк, салыктан мынча миллиард топтодук” деп өкмөт ооз көптүрөт. Чындап эле каражат арбыса, көчөдө калгандарды камкордукка алышса жакшы болот эле.
"Азия Ньюс" гезити