Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алишер Козуев, ЖК депутаты: “Кара-Суу базарында чоң чыр чыгып кетиши мүмкүн”

Алишер Козуев, ЖК депутаты: “Кара-Суу базарында чоң чыр чыгып кетиши мүмкүн”

02-октябрь, 09:00
413 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алишер Абибиллаевич, бүгүн бир топ депутаттар, анын ичинде сиз дагы Кара-Суу базарындагы чыр боюнча маселе көтөрдүңүздөр. Маселенин төркүнү эмнеде?

-- Кара-Сууда мамлекеттик базар, анан жеке тараптардын базары бар. Азыр мамлекеттик базарга жетекчи болуп дайындалган жигит жанындагы жеке тараптардын да жерлерин сот аркылуу тартып алып, өзүнө кошууга аракет кылууда. Бул туура эмес. Мунун өзү “колумда кызыл китебим турса да эртең бирөө келип, үйүмдү, дачамды тартып алса боло береби?” деген кооптонууну туудурат. Бир жарым жылда иш Жогорку сотко чейин келип, тартып алууга баратат. Муну убагында токтотуп калбаса, чоң ызы-чууну пайда кылышы мүмкүн.

-- Ошондо 300 кишинин баарынын кызыл китеби барбы?

-- Ооба. Алардын арасында бир сотых жери бары да, 50 сотых жери барлары да бар. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер