Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карт саясатчылардын ойногонун Гүлзара Кокенова андан ары “гүлдөткөндө”

Карт саясатчылардын ойногонун Гүлзара Кокенова андан ары “гүлдөткөндө”

17-апрель, 10:50
774 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адатта карт саясатчылардын ойногонун, жойкумалыгын көрүп жүрөбүз. Алардан үлгү алган жаштар да чыгышты. Биз бул жаатка тыкыр көз салып, “саясый сойкулукка” берилгендерди четинен тизмектеп келебиз. Маселен, өткөн парламенттик шайлоодо Гүлзара Кокенова аттуу ышкыбоз “Замандаш” партиясынан аттанса, бул саам Бишкек шаардык кеңешине аты-жыты белгисиз “Ишеним” менен булганыч топко аралашты. Караандабай чаңдын арасында калыптыр. Кээде таңгаласың да, кийинки жаштар эмне болуп баратышат? Эң оболу, кыргыздын кыз-келиндери үй-бүлө күтүп, жок дегенде эки-үч баланы төрөп, тарбиялап, андан кийин деле саясатка аралашса жетишет да, туурабы? Калганын чечмелебей эле коёлу. Бул “сабагыбыз” бир эле Гүлзара Кокеновага тийешелүү эмес, жалпы жаштарга айтылган кеп-нуска. Эч нерсени көрбөгөн, тажрыйбасы жок, курулай амбицияга алдырган улан-кыздардын удургуп жүрүшкөндөрү уяткарат. Маанисиз блогерлер ойду-келди тантырашса, митингдерге аралашкандар мындан көп, ушундайлардын келечеги болмок беле? Андан көрө кайсы бир кесипти аркалоо менен жаштарыбыз билимин, тажрыйбасын кеңейтип, баралына келгенде саясатка чыгышпайбы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер