Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эртеңки билимдүү жаштарыбыз кантип тарбияланып жатышканы ойлондурууда

Эртеңки билимдүү жаштарыбыз кантип тарбияланып жатышканы ойлондурууда

03-август, 22:26
558 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Убакыт учкан сайын мезгил алга жылып, адам баласынын жашоосу менен кошо анын ой жүгүртүүсүн, дүйнө таанымын да өзгөртүп жатканы табияттын айныгыс мыйзамдарынан экендиги талашсыз. Адам тарбиялоо, анын акыл-сезимин билим менен каныктыруу алгалоонун эң фундаменталдуу негиздери экендигин айрымдар гана моюндабай терс жооп бербесе, көпчүлүгүбүз бул ойду толук кубаттайбыз, кошулабыз. Колубуздан келишинче өз үй-бүлөбүздүн тар чөйрөсүндө болсо да балдарыбыз билим алып, элден кем калбай оокат кылып кетсе деп тырышабыз. Кудайга шүгүр, азыр элибиз эзелкидей кара курсактын гана камын ойлобой, бир кыйла материалдык жактан тыңып, айылда дыйканчылык, мигранттардын эсебинен, шаарда майда бизнес кылган ортоңку класстын көбөйүшү менен көпчүлүк балдарыбыз токчулук турмушта жашап жатышат.  

Жашоо ордубуз, турмуш кесибибиз шаар жериндеги билим, тарбия менен тыгыз байланыштуу болгондуктан, көптөн бери көңүлдү өйкөгөн көрүнүштөрдү айтып, ортого салууну туура көрүп турабыз.

Борбор калаабызда орто билим берүүчү мекемелердин формасы жана мазмуну жагынан ар түрдүү болуп, ата-эне каалагандай тандап алуучу деңгээлде ачылып жатканын көрүп турабыз. Мамлекеттик менчиктеги алдыңкы деген мектептерде орун жок, аларга баланы орноштуруу канчалаган тоскоолдуктарды талап кыла тургандыгы мамлекеттик бала бакчадан орун издегендей эле убарасы көп утопиялуу иш экендиги анык. Жашаган районуна караштуу мектепте да ар бир класска 40-50 окуучу отурган ортозаар билим берүүчү мекемеге ата-эненин капчыгы жука болсо айласыз берет. Ал эми “элита” деп элден өзгөчө шартта жашап, өнөрү менен же кызматы таанылган, өзүнө өгүздөй иштеп байыган ишкерлерди мындай шарттар албетте канааттандырбайт. Алар айына орточо айлыктан он эсе көп төлөмдү талап кылган “эл аралык стандартта билим беребиз” деген түрк, англис тили менен маданиятын казык кылган жеке менчик мектептерди издешет. Демек, азыр эл аралык мектептердин жаандан кийинки козукарындай эле жылына ондоп ачылып, толук кандуу иштеп жаткандыгы мындай мектептерге талап жогору экендигин далилдейт. Жаркыраган мындай мектептер ата-энени эң биринчи материалдык жактан жакшы камсыз болгондугу менен өзүнө тартат: жагымдуу, заманбап имарат, ар түрдүү түстөргө боёлгон, индивидуалдуу парта-отургучтары менен ачык интерьери айкалышкан класстар көргөн адамдын көзүн кубандырат. Маалымат технологияларынын акыркы үлгүлөрү менен жабдылган МТ кабинеттер, ар бир окуучуга берилүүчү планшет-нэтбуктар жана бирдей тигилген формалар чет эл стандартына жакындагандай, өз балаң үчүн сыймыктануу сезимин алып келет. Эң негизгиси, балаң үч маал тамактанып, курсагы ток жүрөт. Эртең мененден кечке чейин сенин балаңдын үй тапшырмасы да толук аткарылат, түштөн кийин ар кандай ийримдер менен алектенет, көчөдө бош басып жүрбөгөндөн кийин шаардын ар түрдүү терс тааасирлеринен да алыс болот эмеспи. Бул факторлор ар дайым убактысы аз ата-энелер үчүн эң сонун жагдай! Ата-эненин да, баланын да талаптарын толук канааттандырган мындай мектептерге жыл сайын талап жогорулап жаткандыгы эч кимди таңдандырбайт. Эң негизгиси, ал жерде англис тилин алып жүрүүчүлөр же чет элдиктер менен баарлашып сүйлөшүү мүмкүндүгү түзүлгөн, бул шарт эл аралык мектептердин сапат багытындагы борбордун эң мыкты деген мектептеринен да утушка ээ кылган негизги шарты болуп калууда. 

Ооба, бул көздү кубандырган жана көпчүлүк чиновниктерди да суктандырган эң сонун фасаддын сырткы көрүнүшү гана. Мындай мектепте окуган балдардан биздин коом эмне утуш алат? Кыргыз элинин жаркын келечегине жана бакубат жашоосуна алар чындап эле өзгөчө салым кошкон инсандар болуп чыгышабы? Эң негизги фактор: алар коомдун эмес, жеке адамдын заказын гана, ата-эненин эркин гана аткарышат. Акчаны коом эмес, ата-эне төлөп окутууда.

Биз азыр “элибиздин эр жеткен милилиондон ашык атуулу мекенибизден чыгып кетти” деп жатабыз, бүгүнкү ушул партада отурган биздин келечегибиз да эртең жарым бечел бечара журтубузду таштап, алыска кетүүгө даярданып окуп жатышат. 90-жылдардын жокчулугунда эс тартып чоңойгон ата-энелери өз балдарын толук кандуу тарбиялап, өз эне тилине же маданиятына кандырууга убакыт-сааты, каалоосу болгон эмес. Алар өздөрү биздин коомдун ар тараптан деградацияланып, улуттук да, жалпы адамгерчилик да баалуулуктар тебеленген башаламан замандын балдары, нигилизм доорунун туундулары. Эң негизгиси, акчалуу, бакубат турмушка жетүү деген максатын ишке ашырган амбициялуу жаштардын мууну өз балдарынын келечегин өнүккөн өлкөнүн тили жана маданияты, коому менен гана байланыштырышат. Мындай философияны алар жогорку кызматтагы адамдардын балдары, неберелери чет өлкөдө окуп-иштеп жүргөндүгү менен да бекемдешет. “Мыкты карьера, бактылуу турмуш жана бакубат жашоо бул жерде, Кыргызстанда эмес, тигил чет жакта, башка жерде” деген түшүнүк биздин коомдо бара-бара күчөп, тамыр жайып жаткандыгы жашыруун эмес. 

Мектептеги окуу-тарбия системасы да так ушул максатка багындырылган. Чет тилдер жумасына 8-10 саат окутулуп, баардык сабактар бир гана тилде – англис тилинде жүргүзүлөт. Ар бир класска тилди алып жүрүүчү чет элдик жана англис тилинде сүйлөгөн жардамчысы бекитилген. “Ал чет элдик ким? Кандай билим алган жана педагогдук тажрыйба сапаты кайсы деңгээлде?” деп бирөө-жарым сурайбы? Бул суроого азырынча эч ким жооп бере албайт. Ооба, алар өз тилин эл аралык даяр окуу-методикалык комплекстердин, тыкыр даярдалган аудио жана видео материалдары менен окутуп, оюн түрүндөгү эркин окутуу формалары аркылуу балдарды өзүнө тартып алышат. Бирок балдардын таалим тарбиясы таптакыр башка нукка бурулуп, англис тилинен башкага кызыкпай, жерип, алтургай өз тилин жана маданиятын кедей тууганындай жек көргөн инсандар калыптанып калып жатпайбы! Эми аларды кыргыздын кылымдык тарыхы, укмуштуу элдик дастандары, уккулуктуу обондору да кызыктырбайт. Улууга урмат, ыйбаа кылуу, жалпы жамааттын ою же кызыкчылыгы дегенди уруп ойнобой калышат. Жумасына 2 саат берилген мамлекеттик тил менен 1 саат бөлүнгөн адабият, артта калган методика жана башаламан жазылган окуу китептери турганда англис тилине атаандаша албайсың. Жанталашып поезд менен жарышкан илгерки көчмөн бабаңдын өпөңдөгөн ат үстүндөгү таскагы эске түшүп, ушундай абалга кептелген тилибизди да, маданиятыбызды жана мамлекетибиздин келечегин да аяп кетесиң. Англис тили сыяктуу дөө-шаа дүйнөлүк тилдердин тажрыйбасы алкагында окутуу демилгелери, алдыңкы окутуу ыкмаларын колдонуу, сабак өтүү жана кыргызча бирин-экин аудио-видео материалдарды берүү менен жалпы көйгөйдү чече албай жатабыз да. Мындай мектептерди ачууда эң биринчи улуттук мамлекеттин кызыкчылыгын, келечегин эске алган приоритеттүү мамиле, жалпы системелуу талап керек эмес беле? Биз “тилибизди таңуулабайбыз” деп атып, өзгөлөрдүн маданиятын өзөлөнүп үйрөнгөн муунду пайда кылдык. Бул мамиле аркылуу эртеңки келечегибизди жоготуп жатпайбызбы! Азыркы нигилист ата-эненин балдары, эртеңки эң билимдүү жаштарыбыз үйдө да, мектепте да улуттук кыртыштан аргасыз ажырым менен билим алып жатышы элибиздин трагедиясы боло албасын ким кепилдей алат? 


Курманкан Абдиева, кесиптик билим берүүнүн мыктысы, “КР алдыңкы айымы” төш белгисинин ээси  

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер