“Демократия жок, коррупция өнүккөн мамлекетке инвестиция келбейт”

-- Коңшу өлкөлөргө миллиарддаган инвестициялар келип атканы, өнүгүүгө жол алганы белгилүү. Өлкөбүз мындай ийгиликтен аксап калды. Бийлик эл аралык ишенимге, абройго жетүү үчүн эмне кылышы керек?
Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты:
-- Биринчиден, өлкөгө тартип керек! Коррупцияны жоюп, криминалды жеңүү парз! Эгер ар бир айыл чыгып, жолду тосуп, инвесторлорду иштетпей кыйнай берсе, инвестиция келбейт! Көчөгө чыгып эле Пакистан, Бангладеш, Индиядан келгендерди сабасак, каяктагы инвестиция?
Ташболот Балтабаев, экс-депутат:
-- Инвесторлор келиш үчүн эң биринчи демократия орноп, баары ачык-айкын болушу зарыл. Ошондой эле бийлик калк астында жана эл аралык уюмдар тарабынан ишенимге ээ болушу шарт. Коррупцияны биротоло токтото албаса дагы, азайтыш керек. Себеби, демократия жок, коррупция өнүккөн мамлекетке инвестиция келбейт. Кыргызстанга каражатын салыш үчүн соттордун көз карандысыздыгы, адилеттүү иш алып барышы да маанилүү. Кокус талаш-тартыш жаралып, соттошо турган болсо, инвесторлордо “соттор адилеттүү чечим чыгарат” деген ишеним болуш керек. Ошондой эле аларды тартуу үчүн стабилдүүлүктүн сакталышы да маанилүү. Инвесторлорго акчасын салган мамлекеттерде “чаң-тополоң чыгып, элдер талкалап, тоноп кетпейт” деген кепилдик керек.
Биздин мамлекетке башкалар узак убакытка созулган чоң инвестицияларды салыш үчүн жогоруда мен айткан мисалдарга шарттар түзүлүшү зарыл. Карандай рекламадан пайда жок. Бизде азыр учуртуп жатышат. “Коррупция менен күрөш ийгиликтүү жүрүүдө, өнүгүп баратабыз. Айлык, пенсияларды көбөйттүк” деген чоң жарнама болууда. Менимче, бул популисттик гана жүрүштөр.
Бул бийлик келе электе эле жеңил өнөр жайы ар түрдүү шартка байланыштуу бир аз өнүккөн болчу. Алар кошуна мамлекеттерге өздөрүнүн продукциясын алынын жетишинче чыгарып турушкан. Азыр деле ошондой эле иштеп жатышат. Болгону азыр сата турган сырьёлорду, уранды, алтынды, сейрек кездеше турган ар түрдүү минералдарды, темирди аңдышууда. “Ошону ээлеп алсак, арзан баа менен экспорттоп алсак” дешип. Бирок, алардын терс жактары дагы бар экенин, калдыктары да маселе жаратарын эстен чыгарбаганыбыз оң. Анткени, калдыктардын кесепетин жоюу, жаратылышты коргоо, тейлөө кыйын болот. “Сырьё сатабыз” деп жаратылышка, элдин ден соолугуна зыян келтирбешибиз керек.
Нарынбек Молдобаев, экс-депутат:
-- Негизи инвестор деле оңой менен келе койбойт. Түпкүлүгүндө пайданы ойлошот, чоң планы болот. Жөн эле киши акча сала бербейт да. Алардын дагы талабы, кызыкчылыгы эске алынышы керек. Тагыраагы, инвесторлорду колдогон мыйзамдар жазылышы шарт. Өткөндө президент “таза иштеген ишкерлерди, инвесторлорду мыйзам менен коргойбуз, колдойбуз” деди го? Ал мыйзам канчалык иштеп кетерин убакыт көрсөтөт. Чынында эле бизге инвестицияны коргогон, аларга жол ачып берген, өнүгүп-өскөнүнө чоң жардам берген мыйзамдар керек.
“Туризмди өнүктүрөбүз” деп коёбуз, бирок аларды тарта турган, суктандырган, талабына жооп берген кафе, ресторан, аквапарк, оюн-зоок жайларыбыз жокко эсе. Ошон үчүн арабдар биздин жапайы туризмге келишет. Башка мамлекетке барсаң, суктанып, таңгаласың. Биз болсо бетибизге кармаганыбыз эле боз үй. Кыргызстанга экологияны сүйгөн, этнографияга маани берген, салт-санаабызга кызыккан туристтердин келгени болбосо, дээрлик жетишерлик көңүл бурулбай жатат.