ИИМ тарыхында генерал Улан Ниязбеков жаңы барак ачты


Акыркы жылдары милициянын айлык акысы көбөйүп, иштөө шарттары кыйла жакшырган. Борбордук аппараттан баштап, облустук, шаардык мекемелер, райондук бөлүмдөрдөн бери ремонт иштери үзгүлтүксүз жасалып келет. Заманбап талапка жараша санариптештерүү ыкчам жүрүп, чарбалык көйгөйлөр чечилип, керектүү техникалар алынып келинди. Аныгында, буга чейинки милициянын муктаждыктары чечилип атат. Турак жай менен камсыздандыруу да күн тартибине коюлган. Министр Улан Ниязбеков өздүк курамга шарт түзүү, дээрлик милициянын аброюн көтөрүү, жумуштун сапаттуулугун арттыруу жагынан ишбилги экен. Өлкө коопсуздугун камсыздоодо жоопкерчиликтүү, сергек мамиле жасаганы ийгиликке жетелеп келет.
Ооба, учкайлата баа бергенде ушундай. ИИМдин өлкө аймагындагы ишмердигин алсак, жалпысынан алгылыктуу баалоого арзыйт. “Кой аксагы менен миң” дегендей, “кызыл шапкечендердин” арасынан айрым бузуку, тескери иштерге баргандар маалы менен кармалышып, тазалануу аракеттери байма-бай жүрүүдө. Суу токтоп калса чалчыкка айланат эмеспи, ал эми ИИМдин иши агын суудай кыймылдуу, образдуу айтканда, кан жаңыртып тургандай...
Улан Ниязбеков табиятынан дипломат, оор басырыктуу, дөөлөткө көппөгөн, канчалык төбөсү бийиктесе да, кичипейил жана жөнөкөй мүнөздө. Сабырдуу. Маселени жети өлчөп, бир кескен токтоолугу бар. Жетекчинин ишмердигин баалоо үчүн сөзсүз салыштыруу керек. Маселен, мурдагы министрлер кадр саясатынан акча жасашып, ИИМдин рычагын оңго-солго пайдаланып келишкен. Кимдир бирөөлөрдү коркутуу, жеке кызыкчылыктарын чечүү ж.б. Ал эми Улан Ниязбеков мындай көрпендечиликтен жогору туруп, эртеңки келечегин ойлоп, тарыхта калууга белсенип, жаңы барактан иш баштоону негизги планы, милдети катары карады. Ишмердигин эл аралык деңгээлге алып чыкты. Борбор Азиядагы кесиптештеринен сырткары Россия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн ички иштер министрлери менен кызматташтыкты чыңдап, көп тараптуу алакаларды жакшырта алды. Тажрыйба алмашуу, заманбап аппарат, техникаларды тартып келүү, коопсуздуктун алдын алуу, айтор, бизге эмне керек болсо, акырындык менен чечиле баштады. Бул багыттагы кубанарлык долбоорлор, саамалыктар али алдыда...
Министр Улан Ниязбековдун дагы бир өзгөчө сапаты – ал туруктуу, ишенимдүү жоокер. Адамгерчиликтүү, сатылбаган, сатпаган мүнөзү бар. Эң башкысы, мамлекетчил инсан. “Кылым жашап, кылым оку” деген учкул кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай, каарманыбыз аалам өнүгүүсүнөн артта калбай, ар дайым алдыга умтулууга, ички дүйнөсүн байытууга дилгир, о.э. жаңычыл идеялардын жарышында баратканын байкайбыз. Ооба, тубаса кыраакылыгы кыр ашырып келатат. Бийиктиктен чарчап-чаалыкпай, адымдаса жол карыйт. Булуттуу көктүн астынан, муундуу чөптүн үстүнөн сыза берсин...
"Азия Ньюс" гезити











