Расул Умбеталиев, эксперт: “Президенттин тапшырмасын Таалайбек Ибраев толук кандуу аткарган жок”


-- Электр тармагында кризистик жагдай байкалууда. Мисалы, кышында коңшу өлкөлөр электр энергиясын сатпай коюшса, Кыргызстан караңгылыкта калбайбы?
-- Жыл сайын 1-октябрдан баштап жылуулук мезгили келет. Эң негизги көрсөткүч күз-кышка даярдык – бул Токтогул суу сактагычтын көлөмү. Азыркы күндө болгону 11 млрд. 200 млн. куб/м суу бар. Суунун кириши 320-340 куб м/сек., чыгышы 240-260 куб м/сек. болуп жатат. 1-октябрга божомол менен 11,5-11,6 млрд. куб суу топтолушу мүмкүн. Бул көрсөткүч күз-кыш мезгилине өтө аздык кылат. Эгерде Токтогул суусактагычта 17-18 млрд. куб суу топтолсо, анда күз-кыш мезгилинде чектөө жана өчүүрүлөр жок болот эле. Электр энергиянын жетишсиздиги 5 млрд. кВт/саат болушу мүмкүн деп божомол кылсак болот. Андыктан, кыш мезгилинде импорт электр энергияны коңшу мамлекеттерден, анын ичинде Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Россиядан сатып алганга мажбур болобуз, бул турган иш. Өтө суук болгон убакыттарда ал өлкөлөр электр энергияны толук кандуу бере албайт. Кайра эле сектор-секторлордо өчүрүүлөр башталат. Энергетика министрлиги, анын башчысы Таалайбек Ибраев президенттин “Өзгөчө кырдаал энергетика тармагы” жөнүндө жарлыгын толук кандуу аткарган жок. Жарлыкта эң негизиси, “элди электр энергия жана жылулуук менен камсыздоо” деп айтылат. А бизде жыл сайын электр энергиянын жетишсиздигинен улам түздөн-түз экономика жаатына жана улуттук коопсуздугуна жаман таасирин берип келет. 1-апрелден баштап эле күз-кышка даярдык көрүш керек болчу. Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөп, аны коромжуга кетирбөө жагын кароо зарыл эле. Керек болсо жалпы чектөөлөрдү, өчүрүүлөрдү жайкы мезгилге киргизишсе болмок. Министрлер кабинети жана энергетика министрлиги кетирген каталарды моюндарына алып, элге ачык-айкын оор акыбалды айтып, “көмүр, отун даярдагыла, башка альтернативдик энергоресурска өткүлө” деши керек. Кыш мезгилинде катуу суук болсо, жалпы чектөөлөр жана убактылуу өчүрүүлөр (веердик) болушу толук мүмкүн.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











