Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус жүрөктү да жабыркатары маалым болду

Коронавирус жүрөктү да жабыркатары маалым болду

20-июль, 14:16
889 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Британдык “Жүрөк” фондунун жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, коронавируска чалдыккан адамдардын жарымынан көбүнүн жүрөгүнүн иштешиндеги аномалиялар аныкталган. Бул коронавирустун жүрөккө зыян тийгизерин көрсөтүп турат.

Британиянын “Жүрөк” фонду каржылаган 69 мамлекеттен келген 1261 коронавирус болгон бейтаптарга жүргүзүлгөн экспериментте, алардын 55 пайызы жүрөктөрүнүн согушунун өзгөргөнүн айтышкан жана жети кишинин биринде катуу дисфункция байкалган.

Сыналган бейтаптардын көпчүлүгүндө (901 бейтап) мурун диагноз коюлган жүрөк көйгөйлөрү жок экени айтылып, изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар бул дарт жүрөккө олуттуу таасир этерин баса белгилешти. Жүрөктү текшерүү үчүн жүргүзүлгөн скринингдердин жарымынан көбү (54 пайызы) реанимацияда, калгандары жалпы палаталарда; жүрөк жана өпкө палаталарында жана “тез жардам” бөлүмдөрүндө жасалган.

Европалык журналда жарыяланган изилдөөдө жүрөктүн сол жана оң клапандарынын ортосунда бирдей аномалиялар байкалгандыгы аныкталды. Скринингге кирген бейтаптардын болжол менен 3 пайызы жакында инфарктка чалдыгышкан.

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер