Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камчыке КТРКнын кайсы кызы менен эки күн жок болуп кеткен?

Камчыке КТРКнын кайсы кызы менен эки күн жок болуп кеткен?

19-февраль, 11:02
3 885 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дөөгүрсүгөн Камчыке Ат-Башыга канал салдырып, анысын журналисттерге бир жыл мактатып жатып алган жайы бар. Ошондой күндөрдүн биринде КТРКга кайрылып, жетекчилигинен бир журналист кызды сурайт. Жол-жобосу менен да. Коммерциялык материал катары чагылдырылса жаманбы? 

Камчыке өзүн жогору сезип, агездеги гендиректор Кубат Болоткановду тажата баштайт. “Мага бир жакшы ой жүгүрткөн кыз берсең, Ат-Башыга алпарып, каналды бойлото тарттырып, ошол жерден эфирге түшсөк кандай?” депчи. Куке да купшуңдап жөн жүрбөйт эмеспи. “Мына сага!” деп Манастай алакөөдөнгө Каныкей аттуу кызды салып берет. Ойлогону оңунан чыккан эргул эдиреңдеп, “Джипке” олжосун бөктөрүп алып, кичи мекенине чаң ызгыткан боюнча жөнөйт.

Ошентип, эртең менен кеткен “жолоочулар” кечинде келип калышы керек эле. Бирок, Манас менен Каныкей ал күнү из суутушуп, эки күн жок болуп кетишет. Тынчсызданган Кубат Болотканов улам телефон чала берип, суй жыгылганы эсибизде. Оо, качан гана түн бир оокумда Камчыке байланышка чыгып, мактанып, Ат-Башыдагы каналды бойлой ээрчише басышып, эфирге материал даярдаганын айтып бериптир. Андан да жанындагы жүрөккө дары болгонбу, айтор, Нарынга апкелип сыйлап, каш карайганда кетмекчи болушса, жолтандабастын дөңгөлөгү жарылып калат (тагдырдын буйругу го?). Нарындан мындай кымбат “Джипти” оңдогон мастер чыкпай, ошол күнү түнөп калышыптыр. Үйүр алышып, беттери ачылып калган Манас менен Каныкей эртеси да кеткилери келишпей, Теңир-Тоонун айдарым желине аңкый дем алышып, ал түнү да командировканы узартканга аргасыз болушат. Акыры эки түндү баштан кечирген Камчыке жигиттей чыйралып, кадимкидей жашарып, Бишкекти көздөй зуулдап жолго түшөт. Жанындагы Каныкейдин шыңгыр күлкүсү коштоп, экөө тим эле кооз дүйнөнүн каармандарынан бетер бири-бирине жарашыптыр эй!

“Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” демекчи, бул эми Камчыкенин бир эле кылыгы болсо керек да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер