Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев кошоматтанып сыйлык алса, Данияр Төлөнов эмне эмгек сиңирди?

Балбак Түлөбаев кошоматтанып сыйлык алса, Данияр Төлөнов эмне эмгек сиңирди?

07-сентябрь, 13:10
540 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Депутаттардын арасынан мамлекеттик сыйлыкты Балбак Түлөбаев бийликке кошомат кылып атып алса, Данияр Төлөнов кандайча “илинип” калды? Бул “балык ооз” коммерсант эмеспи. Анчалык деле төбөлдөргө күйгөнүн байкабайбыз. Же жашыруун эмгек сиңирген бир балээси барбы? Түшүнүксүз. 

Данияр Төлөнов бир мандаттуу Куршаб шайлоо округунан депутат болгон. Агасы Арапбай аксакал Оштун саясатчыларына, жергиликтүү элитасына аралаштырып жүрүп, адам кылган да. Бул эргул 2020-жылдагы төңкөрүштө “Тураталы” базарын басып алып, мыйзамсыз, рейдерчилик ишке барганбы? Эмне үчүн териштирилген эмес?

Кечээ эле Данияр Төлөнов “Кыргызстан” партиясы аркылуу мандат алып, Канатбек Исаевдин этегине сыйынып жүргөн. Кийин кожоюнун да алмаштырып, “куйругун түйүп” кеткендей ишаратка жетишти. Таамай келтиргенде, кызылдай эле саткынчылыкка барганы ушулбу? Асыресе, депутат катары элге эмне эмгеги сиңгени белгисиз. Жарытылуу мыйзам жазбаса, же трибунадан шайлоочуларынын таламын, укугун талашпаса, кайсы арына төш белгисин тагынып жүрөт? Ушундай “базарчылар” саясатка жулуна беришип, Кыргызстандын өнүгүүсүнө тоскоол жасап жатышканы да айныгыс чындык. Жогорку Кеңеш – Данияр Төлөновдун жүзүндөйбү?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер