Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Темиркулов: «Мен “Ата Мекенде” 33-орундамын. Бул парламентке өтпөгөн номер»

Азамат Темиркулов: «Мен “Ата Мекенде” 33-орундамын. Бул парламентке өтпөгөн номер»

06-август, 19:51
1 402 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Темир Сариев баштаган «Ак Шумкар» партиясы «Жаңы дем» урааны менен түзүлгөн саясый альянстан чыкканы айтылууда, биригүү эмнеге ажырай баштады?

-- Мен бир аптадан бери Ысык-Көлдө эс алууда жүрөм. Темир Сариевдин альянстан чыкканын эл катары Фейсбук социалдык тармагынан окудум. Анын себептерин билбейм. 

-- Бирок, сиз Өмүрбек Текебаев баштаган биригүүгө кол койгон алты адамдын бирисиз да, анан кантип мындай маселелер сиз жок чечиле берет?

-- Сиз жүз пайыз туура айтып жатасыз. Чынында ошондой болушу керек. Бирок, эмне болуп жатканын билбейм, ушундай болуп калды. Алар да мага маалымат беришкен жок, мен да чалып сурабадым. 

-- Шайлоого даярдык көрүү боюнча буга чейин чогуу иштеп жаттыңыздар беле?   

-- Ооба, тыгыз иштешип жатканбыз. Бирок, мен тизме боюнча отуз үчүнчү орунду тандагам. Бул санды парламентке өтпөгөн номер десек болот. Ошон үчүн мен анчалык деле активдүү катышкан жокмун. Логика боюнча биригүүгө кол койгон алты тараптын бири катары алдыңкы орунда болушум керек эле. Жогорку Кеңешке жаңы жүздөр, жакшы адамдар келсин деген тилегим бар. Бирокөзүм сөзсүз парламентке депутат болуп келишим керек деген дымагым жок. Көпчүлүк  депутат болгулары келип, болгон аракеттерин жумшап, туугандарын, тааныш-билиштерин мобилдештирип, акчаларын жумшап, чуркашат. Мен башынан эле мандатка жанталашпайм, каражат салбайм деген пикиримди билдиргем. 

-- Анда эмнеге бул альянска кошулдуңуз?

-- «Жаңы демге» оппозицияны колдоо максатында киргем. Себеби, Ата Мекендин тажрыйбасы чоң, канча жылдан бери оппозицияда жүрөт, эки президенттин башын жеген. Азыркы мамлекеттин башында тургандар тарабынан  бийликти бербей кармап калабыз деген аракеттер болуп жатпайбы, ушундан улам, аларга каршы чыккан күчтүү оппозиция болушу керек деген принципте болчумун. Бийликке бир эле ушул топ каршы чыга алат деп ойлогом. 

-- Азыр деле ушундай пикирдесизби?

-- Азыр «Ата Мекенден» башка эч кандай перспективдүү оппозиция, жаңы Жогорку Кеңешке аттангандардын ичинен оппозиция боло алат” деген күчтүү партия да жок. Шайлоо бийлик пландагандай өтсө, келе жаткан парламенттин курамы такыр эле унчукпас, азыркы чимкириктердей болуп эле бийлик эмне десе ошону аткара берет. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер