Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Икрамдын кадры, чала сабат Ашым Тагаев Жалал-Абад ОИИБ начальниги болобу?

Икрамдын кадры, чала сабат Ашым Тагаев Жалал-Абад ОИИБ начальниги болобу?

15-март, 20:18
1 421 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБ начальниги Ашым Тагаев Жалал-Абад ОИИБ жетекчилигине ашыгып, улам чоңдорго кирип жүргөнү бизге чейин маалымдалды. Баткендик жердештери Арзыбек Бурканов менен Икрам Илмияновдун таасири кайрадан арта баштаганда, карьералык секиригин жасоого белсенген кербези. Башынан кызматты “аяш ава-үкалары” аркылуу пулдап келгени жалганбы? Өзүнүн билими, профессионалдык деңгээли жетишпейт. Убагында Икрамдын аркасы менен Баткен ОИИБ начальниги болуп, коомдук-коопсуздук абалды эптей албай, тескерисинче, контрабанданы күчөткөнүн кантебиз? Буга чейин Свердлов РИИБде да тыңгылыктуу иштей албай, коллективден колдоо таппай келди. Кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө логикасы жок беле?.. Баса, алаңгазар Ашым былтыр 8-мартта Жеңиш аянтынан кыз-келиндерди сүйрөтүп, сабатканы менен эсте калган. Башка мактай турган ишин билбейбиз. Кайсы бийлик келсе да, ортого киши салуу менен кызматтык өсүүнү гана каалаганы күч. Эми деңгээли жетпесе, эл-журтка уят болбой тек гана пенсияга кете бербейбиАл эми Жалал-Абаддын өздүк курамы Ашым Тагаевдин келерин угушуп, чалкаларынан кетип атышканы эмнени билдирет? Саясый чыр-чатагы арбын облусту эптей албай артка тартат го... 


Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер