Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сайдулла Нышанов, ЖК депутаты: “Мен айтканыман кайтпайм! Региондордогу диалектилер менен эмес, бир адабий тилде сүйлөйлү”

Сайдулла Нышанов, ЖК депутаты: “Мен айтканыман кайтпайм! Региондордогу диалектилер менен эмес, бир адабий тилде сүйлөйлү”

28-февраль, 23:56
504 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сайдулла Канболотович, сиздин оюңузча таажылуу вирустун алдын алыш үчүн бизде кандай чаралар көрүлүшү керек?

-- Дүйнөдөгү жакшы өнүккөн Кытай, Италия, Иранда да эпидемияны токтото албай кыйналып жатышат. Кудай сактасын, эгер бизге кирип келсе, чоң проблеманы пайда кылат. Ансыз деле экономикабызды оңдой албай турганда, бизге бир топ кыйын болот. Ошондуктан, чек араларды жабыш керек. Ошон үчүн Жумгалда жана башка жерлерде жергиликтүү тургундар “чет элдик жумушчуларды киргизбегиле, кирсе да эки жумалык карантинден толук өтсүн” деп талап кылышууда. 

-- Бирок, көп эле киши кирген турбайбы?

-- Бизге берилген маалыматтарга караганда, алардын баары карантинден өтүшкөн. Азыр да врачтардын көзөмөлүндө турушат. Биздин жакшы жерибиз – маршрутту убагында жаап калдык. Темир жол сыяктуу башка жолдорубуз жок болгондуктан, Кудай сактап турат да. Бирок, үчүнчү мамлекет аркылуу кирип кетиши да мүмкүн. Кечээтен баштап Европада катуу коркунуч пайда болду. Иранда министрдин орун басары, бир депутат ооруга чылдыкканы айтылууда. Мунун баары бизге кооптуу сигнал болууга тийиш. Мындай коркунучтар дүйнөнү басып атканда, биздей экономикасы чабал өлкөлөргө өтө кыйын болуп калат. 

-- “14 күндүк карантинден өтүшү керек” деп атасыз... Бирок, соңку изилдөөлөр боюнча таажылуу вирустун инкубациялык мезгили бир айга чейин созулушу мүмкүн экен. 

-- Ооба. 24 күнгө чейин созулары айтылууда. Эми эмне дейбиз, калганы Кудайдан да. Кудай сактасын!

-- Сиздин диалект менен сүйлөбөөгө үндөгөн сөзүңүз социалдык тармактарда аябай талкуу болду. Сиз дагы эле ошол ойдосузбу?

-- Силер, журналисттер, элге туура кылып жеткирсеңер. Мен айттым, “мамлекеттик иш-чараларды өткөргөн жерлерде бир тилде сүйлөйлү” дедим. Ал эми диалекти деген региондун, керек болсо эки айылдын өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Алар кала берет. Бирок, тилди өнүктүрүш үчүн жалпы бир адабий тилде сүйлөшүбүз керек. Жогорку Кеңештин жыйындарында, өкмөттүн чогулуштарында, иш кагаздарын жүргүзгөндө. Азыр жазуучулар өзүнүн дилектиси менен жаза баштады да. Ошолорду бүт бир нормага алып келиш керек. Мен ал оюман кайтпайм. Андан кайтсак, “биз кыргыз тилин жоготууга даярбыз” дегенди билдирет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер