Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныш Нурди: “Интернет аркылуу белгилүү мырза менен сүйлөшүп, онлайн байланыштабыз...”

Каныш Нурди: “Интернет аркылуу белгилүү мырза менен сүйлөшүп, онлайн байланыштабыз...”

07-июнь, 18:02
382 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Скрипкага жан киргизип, жандүйнөлөрдү сыздаткан музыкалардын жаратманы болгон сендей таланттуу кызыбыз менен сыймыктанабыз. Көптөн бери көрүнбөй кеттиң. Чыгармачылыкта кандай жаңылыктарың бар?

-- Чыгармачылык боюнча сөз козгосом, учурда Кыргыз улуттук консерваторияны аяктап, кайра аспирантурага тапшыргам. Быйыл КМШдан ар кандай 50-60ка жакын музыканттар келет. Алардын арасында мен да бармын. Оркестр менен солист катары чыгып, кыргыз жергесине гастролдойбуз. Концерттер бир айдан кийин башталат. Буюрса көчмөндөр көчүн улап, кыргыз аспаптары менен скрипканы айкаштырып жаңы чыгарма жаратуу пландарым болуп жатат. Балким кызыгып кетсем, “ырдап да койсомбу...” деп ойлойм.

-- Актриса катары да тасмага чакыруулар болуп жатабы?

-- Тасмага чакыргандар болууда. Жакында эле Жан Сабыровдун “Унутпайм сени” аттуу ыры чыккан. Ошол клипте турмушка чыгып, кайра ажырашып, мурдагы сүйүүмдү тапкан, жашоодо сабак боло турган образды жараттым. Чыныгы сүйүү деген дайыма улуу, таза, ыйык бойдон калыш керек. Азыр турмушка баары жеңил карайт. Мурдагы сүйгөнү турмуштан кокус жаңылса, “баласы бар” деп баштагы жигити карабай коёт. Бул клипте ушундай сабак болчу ирмемдер бар. 

-- Жеке жашооң да көп окурмандар үчүн табышмак жана кызыктуу...

-- Окуу, жумуш деп жеке жашоомо деле көп убакыт бөлө албай келем. Бирок, кыз-жигит катары жүрбөсөм да, интернет аркылуу сүйлөшүп, билишип, белгилүү бир мырза менен онлайн байланыштабыз. Ким билет эми... Сезимдерибиз ойгонуп, ойлогон максаттарыбыз бир чыкса, балким эмдиги жылы турмушка чыгууну ниеттенем. 

-- Чыгармачыл адамдарды жалган ушактар да уулап, убайга салат эмеспи?

-- Эң эле жек көргөнүм – ушакчы адамдар. Динде “ушакчы адам бирөөнүн этин жегенге барабар” деп айтылат. Ошондой көз караштамын. Ушакчыларды кыларга иши жок, жашоого максатсыз адамдар катары эсептейм. Ушакчы – бул дагы эки жүздүүлүккө кирет. Адамдын жетишпеген кемчилик жактары көп, бул дүйнөгө нааразы адамдар да ушакчы болушат. Мисалы, мүдөөсүн, максатын билген адамдар өз ишинин кесипкөйү болот. Адамдын деңгээли канчалык өссө, ушактан алыстайт. Караңгылыктан да ушак жаралат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер