Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ой тобоо, Нурланбек Шакиев демагогиянын акесин тааныткандай эле божурайт да

Ой тобоо, Нурланбек Шакиев демагогиянын акесин тааныткандай эле божурайт да

24-июнь, 19:30
462 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Депутат Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында депутаттарга кайрылып, миграция боюнча: “Дүйнө жүзү, адамзат миграция менен жашайт. Европадан Америкага, Америкадан Чыгышка, Чыгыштан Батышка бул токтобой турган нерсе. Көп эле акылдуу боло бербегиле, мойнунан жип менен байлап койсоң дагы адам өзү тандайт каякка барып жашап, каякта иштешти. Жөн эле кооз сүйлөп, бизди келесоо көрсөтө бербегиле. Биздин да башыбыз жетет, силердин башыңар жеткен нерсеге. Силер билимдүү, биз билимсиз эмеспиз, бизде да билим бар, Кудайга шүгүр, сүйлөйт десе эле сүйлөй бербегиле” деп айтты. Нурланбек Шакиевдин өзүнүн сөзү менен айтсак, башы иштеген үчүн депутат болуп отурат го. Башы иштебесе Аксыда эчки кайтарып жүрмөк да. Эми анын миграция тууралуу сөзү жөн эле көз боёмочулук. Кызык, бир жарым миллион кыргыз жыргаганынан мигрант болуп жүргөнсүп, алар өз каалоосу менен Россия, Казакстан жана башка жактарда “саякаттап” жүрүшкөндөй эле айтып жатпайбы. Ой тобоо, демагогия болбосоң коё кал. Акесин тааныткандай эле божурайт да. Кыргызстанда жумушсуздук, жакырчылык деген көйгөй жок сыяктуу, эл “бакубат” өлкөдө жашагысы келбей, башка өлкөлөрдү тандагандай эле айтып жатпайбы. Ошол мигранттар жөнөтүп жаткан каражат ИДПнын 33 пайызын түзүп, калктын 20 пайыздан ашыгы жумуш издеп, эмгек мигранты болуп жүргөн өлкө дүйнө жүзүндө аз эле. Журналист болуп бир макала жазып көрбөгөн Нурланбек Шакиев дипломундагы “экономист” деген кесибин унута элек болсо, кызылдай калп айтып, депутаттардын мээсине чай кайнатып, аларга акыл айтканды коюп, тилин, маданиятын унутуп, ата журтунан ажыраган мигранттардын балдарынын тагдырын, Кыргызстанда мигранттардын 100 миңге жакын тестиерлери, мектеп окуучулары ата-эне тарбиясын көрбөй өсүп келатканын талдап көрүп, аларга жардам берүүнүн жолдорун издеп көрбөйбү. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер