Акыркы кабарлар
» Коом » Шекер менен майдын баасы кайрадан кымбаттоонун үстүндө
Шекер менен майдын баасы кайрадан кымбаттоонун үстүндө
19-январь, 18:18

Кыргызстанда эң керектүү азык-түлүктөрдүн баасы дагы көтөрүлүүдө. Декабрдын аягында “баалардын көтөрүлүшү жаңы жыл алдындагы көрүнүш” деп түшүндүрүлсө, майрамдардан эки жума өткөндөн кийин деле айрым товарлардын гана баасы төмөндөгөн.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, былтыр жыл башынан бери өлкөдө азык-түлүк инфляциясы 11%ды түзгөн. Мында калктын реалдуу кирешелери 5,1%га кыскарган.
Өсүш негизинен, баасы дүйнөлүк рынокко көз каранды болгон товарлар боюнча белгиленген. Ошентип, өсүмдүк майы кайра кымбаттап, азыр литрин 160-170 сомдон арзан сатып ала албайсың. Шекер бир ай мурун супермаркеттерде жана базарларда 65 сомдон болсо, азыр килограммы 68-72 сомго чейин кымбаттады. Ал эми ун өндүрүүчүлөр ундун баасын көтөрбөгөнүн айтышканы менен базарларда анын баасы орточо эсеп менен 15 сомго кымбаттады. Ошого жараша макарондун баасы да кымбаттаган. Дан азыктарынын баасы (гречкадан башкасы) 5 сомго кымбаттады. Азыр гречка 110-120 сомдон сатылууда. Тоок жумурткасынын баасы өзгөргөн жок. Сезондук жашылча-жемиштерге болгон баа да ошол эле деңгээлде сакталууда.