Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурлан КАЛЫБЕКОВ, улуттук жазуучулар союзунун төрагасы: “Дөөлөттүү, куттуу жазуучулар союзун мамлекет унутта калтырганы кейитет”

Нурлан КАЛЫБЕКОВ, улуттук жазуучулар союзунун төрагасы: “Дөөлөттүү, куттуу жазуучулар союзун мамлекет унутта калтырганы кейитет”

21-октябрь, 14:35
1 297 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук жазуучулар союзу 85 жылдык жолду басып өтүп, элибиздин көрөңгөсүн байытууга тоодой салым кошту. Бирок кийинки жылдары жазуучулар союзуна таптакыр көңүл бурулбай, союздун ишин кылдыратып сүйрөгөн үч-төрт адамга да айлык акы төлөнбөй, мамлекет таптакыр кароосуз калтырганы кейиштүү. Дал ушундай мамилебиздин айынан руханий ачкачылык доору башталып, эмне деген пенделик пастык жүрүм турумдарга күбө болуп келебиз.  

-- Сиз улуттук жазуучулар союзуна келгенден бери кандай жаңылыктар, кандай өзгөрүүлөр болууда?

-- Мен үстүбүздөгү жылдын 8-февралында шайланып келдим. Союздун 2009-жылдардан бери чогулган бир жарым миллион сом карызы бар экен. Акаевдин убагында бекитилген улуттук деген статусу бар, бирок юридикалык баа берилген эмес. Таптакыр күчкө ээ эмес экени кейиттиУлуттук деген статусу бар университет, филармония дегендерди мамлекет каржылап эле жакшынакай иштеп жатат. Андан тышкары дагы ички каржылары бар. Бул эми дөөлөттүү союз го? Быйыл уюшулганына 85 жыл болуп отурат. Деги эле кыргыз интеллигенциясынын, кыргыз адабий тилинин калыптанышына, ХХ кылымда кыргыз адабий коруна Манас эпосу менен Айтматов феноменин берген, идеологиялык фронттун башында турган – бул жазуучулар союзу болчу да. Анан ушуну мамлекет карабай койгону кандайЭкономикада рынок, саясатта демократия деп коюп эле Батыштын шаталак үлгүсүндөгү демократиялык принциптерин кабыл ала беребизби? Эмнеге десе бул коомдук уюм, коомдук уюм мамлекет тарабынан каржыланбайт дешет. Анда улуттук деген статус кайда? Өнүккөн өлкөлөрдө айыл чарбалары да дотацияда турат деп уктум.

Жазуучулар союзу элдин руханий өсүшүнө салым кошкон союз да. 20-30 жылдан бери карабай койдук. Манасыбызды, Айтматовду ж.б. калемгерлерди мамлекет өзү менеджер болуп чыгарды. “Улуттук адабиятты көтөрөбүз” деп   Гамзатовду, Ауэзовду, Сулеймановду, Кулиевди ж.б. акын-жазуучуларды советтер союзуна кандай чыгарышты? Андан тышкаркы орустардын жазуучуларын айтпай эле коёлу. Анан   дөөлөттүү тарыхы бар, “улуттук” деген статусу бар жазуучулар союзун карабай коюу – акылга сыйбай турган иш. 

-- Мындай абалдан чыгууга жолдор барбы?

-- Эми бул туңгуюктан чыгуунун жолун издеп жатабыз. Биринчиден, юридикалык жагын караш керек. Интеллектуалдардын уюгу болсо, анан “демократия” деп эле көчөдөн кыйкырып чыкканыбыз уят. Мыйзамдуу жолун издеп, Жогорку Кеңештин профилдик комитети менен иштешип, төрайымдын орун басары Тазабек Икрамовго кайрылып, комитеттин биринчи окуусунан өткөрдүк. Ага үч маселе койдук: 1) бир жарым миллион сомдук жазуучулар союзунун карызын кечүү, 2) бюджетке киргизбесе да “улуттук” деген макамы бар үчүн жылына каражат бөлүп туруу, 3) жазуучулар союзунун балансында кеңсе жок. “Жазуучулар союзуна кеңсе бергиле, болбосо Бишкек шаарынын бир жеринен жер үлүшүн бергиле, демөөрчүлөрдүн жардамы менен кеңсе куруп алалы” деп сунуш айттык. Биринчи окуудан өттү. Эми экинчиси анан жаңы жылга чейин үчүнчүсүн өткөрүп алсак, биздин мыйзамдуу утушубуз болот. Ошондой эле президенттик апарат менен иштешип жатабыз. Беш-алты пункттан турган сунушубузду бердик. 

Адабий процесстер болсо өлүп калган. Сайт, гезит-журналдар  чыкпай турат. Азыркы жазуучулар союзу  үч эле бөлмөдө турабыз. Менин бөлмөм, орун басарым жана жооптуу катчы отурган үч гана бөлмө бар. Көбүрөөк жазуучулар чогулуп жыйын өткөрсөк, кире беришке отуруп өткөрөбүз, ушул абалга жетип калдык. Өзбекстанда, Казакстанда, Түркмөнстанда, керек болсо башынан граждандык согуш өткөргөн Тажикстанда мамлекеттик деңгээлде көнүл бурушат. Башка чоң мамлекеттерди айтпай эле коёюн. Сырткы байланыштар болуп калса жазуучулар союзуна келишет. Мен иштегенден бери Түркиядан, Монголиядан, Казакстандан жазуучулар келип жатат. А биздин жазуучулар союзуна болгон мамилеге уяласың. 

-- Улам улуттун көрөңгөсү ушундан улам бөксөрүп бараткандай...

-- Ошонун айынан деги эле кыргыз баласы дегредацияга кетти. “Авторитардык өлкөлөрдө гана идеология болот” деп интеллигенттер мээлерине сиңирип алышыптыр. Мамлекет деген чоң үй-бүлө да. Сенин өзүңдүн эле үй-бүлөңдө уул-кызыңа “мындай бол, андай бол” деп акыл айтпасаң, үй-бүлөнүн ичиндеги сырды сактабасаң, тууган-урукка болгон карым-катнашты карабасаң, баш-көз болбосоң, акылыңды, насаатыңды айтып турбасаң, балдарыңды илимдүү, билимдүү кылып окутпасаң, бул эмне деген үй-бүлө? Мамлекет дагы чоң үй-бүлө да. Ошонун натыйжасында кыргыздын аң-сезими өсөт. Демократия десе гейлерибизге чейин көчөгө чыгып кетти. Көчөдө кыйкырып чыкканды “демократия” деп түшүнүп калдык. Таптакыр биздин аң-сезимге туура келбеген нерселер кирип кетти. Ушинтип жүрө беришибиз керекпи? 70 жыл советтик империянын кулчулук идеологиясында жүрдүк. XXI кылымда кыргыз адамы кандай болушу керек? Кыргыз мамлекетинин өз жолу кандай болушу керек? Башмыйзамыбызга чейин сырттан көчүрүп келип жатабыз. Азыр маалыматтын, технологиянын заманы. Батыштын дагы, Чыгыштын дагы мыкты жагын алалы. Дүйнө тааным, адабият, маданият, этика, эстетика – баарын жууруп туруп бир нерсе чыгарыш керек да. Мамлекетти бош кармаганыбыздын натыйжасында молдокелер, сектанттар идеология жүргүзө баштады. Бу кандай? Качан акын-жазуучулар саткынчы болду эле?! Алар элди ойлойт. Ошол элдин тилинде эл турмушун, тагдырын, азабын кагаз бетине түшүрөт. Ошол элдин улуулугун даңазалап, чыныгы улутман жаратуучулар болот. Ушундай нерсени биз четке таштап коюшубуз керекпи? 

Быйыл эми буюрса 85 жылдык мааракебизди белгилейбиз. Сегиз жылдан бери өтө элек съездди өткөрөбүз. А.Акаев, Р.Отунбаева президент болуп турганда жазуучулар үчүн акчалар бөлүнүп турган. Ал акчаларга жок дегенде аренда акысын төлөп, 4-5 киши айлык алчу, гезит чыгып турчу. Андан бери таптакыр эч нерсе жок.   

-- Азыр айлык акы албай иштеп отурасыздарбы?

-- Ушундай абалга жетип калдык. Жеке ишкерлер биздин айлык акыбызды төлөп бериш керекпи? Жеке бизнесмендер демөөрчүлүк кылып калса, атайын долбоорлорго жумшайбыз.  Эл аралык мамилелерди чыңдап жатабыз. Ошентсе да кичине мамлекеттен жардам болуш керек да. Чоң үмүт, ишеним менен күтүп отурабыз.

-- Жаш акын-жазуучулар чыгып жатабы? Учурдагы адабият абалына токтолсоңуз?

-- Мурда мен “Нурборбор” деген чыгармачыл жаштар уюмун жетектегем. Жыл сайын “Кыргызпатент” менен келишим түзүп, жетиден автордун китептерин чыгарып турдук. Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясын чыгардым. Кыргыз жаштар прозасынын антологиясын, Алыкул, Жолон, Турардын классикалык ырларын, “Селкилерден селкинчек” деп жаш акын-кыздардын арзуу ырларын чыгардым. Эралиев, Жусуевдер баштаган чоң акындардын канчалаган кечелерин өткөрдүк! Өмүр бою адабият деп келем. Жаштар сүрөп, орто муун сүрөп, бул жакка алып келишти. Эми “атын атаса куту сүйүнөт” дегендей, куттуу, дөөлөттүү жердин 85 жылдыгын белгилеп койсок деп турабыз.  


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер