Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Свет, газ, суу, жылуулук, электр тарифтери былтыркыга салыштырмалуу кымбаттады”

“Свет, газ, суу, жылуулук, электр тарифтери былтыркыга салыштырмалуу кымбаттады”

04-ноябрь, 10:47
1 070 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Суук түшүп, кыш жакындап калды. Отун-суу көйгөйү, тарифтердин өскөнү, кымбатчылыктын таасири байкалып атабы?

Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- Салыштырмалуу алсак, былтыркы ушу кезге караганда аба ырайы бир аз жылуу. Өткөн жылы 23-октябрда кар жаап, күн суук тартып, кыш ызгаары келип  калган эле. Эгер ушундай абал кармалып турса, кыш мезгили деле жылуу болчудай. Албетте, бул күндөрү “ай арасы” делип, жаан-чачынды башыбыздан өткөрүп атабыз. Анүстүнө пияздын кабыктары жука, талаада момолой чычкандар ойноп жүрөт. Ушунун баары алдын ала белги берип тургандай. Отун-суу көйгөйү деле жаралбайт. Мурунку Кара-Кечедеги көмүргө Миң-Куштун Ак-Улак көмүр кени кошулду. Мына ушундай шарттарды түзүп коюшту. Ушуну менен катар Жумгал рэкеттери да жоюлду. Азыр андайды укпай калдык. Ооба, азыр баардык нерселер кымбаттап атат. Анын ичинде көмүр дагы. Анткен менен пенсияга болушунча акча кошулууда. Бир сөз менен айтканда, кыргыз өкмөтү баардыгын эске алууда.


Ырыс Бекболот кызы, үй кожойкеси:

-- Ооба, суук түшкөнү карапайым элге кыйын эле болду. Бардык коммуналдык кызматтарга коюлган тарифтер көтөрүлүп атат. Свет, газ, суу, жылуулук, электр тарифтери былтыркыга салыштырмалуу 20-30%га көтөрүлдү. Кадимкидей эле оор жагдай байкалууда. Өкмөт индексацияны толук кандуу жүргүзгөн жок. Пенсияга миң сом кошуп коюп, бу жактан шыпырып алууда. Мындай болбош керек эле. Эки балам менен декреттемин. Жолдошумдун тапканын же тиягына, же бу жагына жеткире албайбыз. Сабырдуулук менен “чыдап туралы, мындан аркысы жакшы болор” деп коёбуз. 

Расул Умбеталиев, энергетика эксперти:

-- Официалдуу түрдө 1-октябрда күз-кыш мезгили башталды деп эсептелет. Бирок, ага карабай байма-бай өчүрүүлөр уланууда, ар бирине энергетика министрлиги “профилактика, оңдоо иштери жүрүп жатат” дейт. 1-октябрдан баштап эч кандай тоскоолдуктар жаралбашы керек. Кар жаап, суу тоңуп, суук башталып, кыш кылычын сууруп келетат. Эң негизгиси, күз-кыш даярдыгы боюнча Токтогул суу сактагычтын көлөмү бизди кабатыр кылат эмеспи. Бүгүн 29-октябрга карата суунун кириши 274 куб.м/с, чыгышы 328 куб м/с көлөмү 13 миллиард 201 миллион куб/м. Башкача айтканда, суунун көлөмү аябай аз, күз-кыш мезгилине жетишсиз. Энергетика министри Таалайбек Ибраев: “Кышында Кыргызстан 3 миллиард 900 миллион кВт/саат коңшу өлкөлөрдөн сатып алганга мажбурбуз жана жайдан баштап жалпы веердик өчүрүүлөр орун албайт, регулировочный иш-чаралар болот” деп айтууда. Регулировочный же разгрузочный иштерби, эч кандай айырмасы жок. Көмүрдүн баасы аябай кымбаттап кетти, 5-6 миңден 10 миң сомго чейин. Карапайым эл көмүр, отун алалбай калышты. Тариф болсо 1-майдан бери 10,8 пайызга көтөрүлгөн, 700 кВт/саатка чейин 1 сом 11 тыйын, андан ашкандарга 2 сом 39 тыйын. Министрлер кабинети жана энергетика министрлиги тарифти көтөрөрдөн мурун инфляциялык пайызга индексация кылып, пенсия, пособие, бюджеттик мекеме кызматкелерине айлыктарын жогорулатышы абзел, милдеттүү эле. Азырынча андайды көрбөй атабыз...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер