Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекен Назаралиев, Кыргыз эл жазуучусу: “Батыраак айыгып, кайрадан кесиптештеримдин катарына кошулсам...”

Бекен Назаралиев, Кыргыз эл жазуучусу: “Батыраак айыгып, кайрадан кесиптештеримдин катарына кошулсам...”

28-август, 09:33
802 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Демалыш күнү Бекен досуман кабар алдым. Бу кезге чейин жарандык позициясын билдирип, журналист катары коррупция, алдым-жуттумдук, эки жүздүүлүк менен күрөшүп келсе, бир айдан бери арстан досум адамдык эркин, сабырдуулугун көрсөтүп, капилет келген илдет менен алпурушуп жатат. 

-- Бекен, акыбалың кантип калды?

-- Акыбал Кудайга шүгүр. Операция чынында оор болду. Жүлүн деген оңой эмес экен. Бала кезде тентектик кылсак апаларыбыз “жүлүнүң үзүлгүр” деп тилдеп калышчу эле го, ошондой эле экен. Мен ойлонуп отуруп кээде мэрияны сотко бергим да келип кетет. Себеби, үч-төрт көчөнүн эле асфальтын сыйрып, эки-үч жыл сайын оңдой беришет. Ал эми калган көчөлөр Усубалиевдин, Масалиевдин мезгилиндеги бойдон турат. Мени бирөө түртүп ийген жок, брусчаткага бутум илинип эле жыгылдым. Ошондо мойнума зак кетип, жүлүн кысылып калган экен. Колу-бутум соо, сынган эчтекем жок, бирок абалым начарлай берди. Миталип Мамытовго көрүндүм. Операция жасаш керек, бир-бир жарым айдан кийин өтүшүп кетиши мүмкүн” деди. Воронцовкадагы санаторийге жатып, дарыланып кеттим. Бир айдан кийин чын эле күч ала баштады. Сүрөтчү досум Асан Турсункулов экөөбүз кайра Миталип Мамытовго бардык. Ал көрүп, “операция жасаш керек” деди. Мен макул болдум. Операцияны мыкты шакирттери менен чогуу Мамытов өзү жасады. Миталип ака канча адамдын өмүрүн сактаган колу жеңил, пейили ак киши эмеспи, операция ийгиликтүү болду. Реанимациядан чыккандан кийин Мамытовдун кеңеши менен кызым “Кортекс” жеке менчик ооруканасына алып барды. Ал жердин дарыгерлери чынында күчтүү, ишке өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылган адистер экен. Ар кимиси өз убагында келип, бирөө массажын жасап кетсе, бирөө ийнесин сайып кетет. Бүгүн шүгүр, жакшымын. Тилим сайрап жатам. Бутум менен колум гана али жакшы кыймылга келе элек. Кээ бир досторум, тааныштарым эмнеге айткан жоксуң?” деп таарынып чалып атышат. Эмне деп чаласың? “Минтип жатканымды эч ким көрбөсүн дедим чынында. Көрүп атпайсыңбы, ысыктан шаардын ичи тим эле күйүп атат. Үйдө дарыланганга шарт жок. Академик Марат Сагынбаевге чалсам, “баягыда өзүңүз жаткан палатаңызды бошотуп, даярдап коём” деди. Ошондон улам организмди кайра калыбына келтирүү мезгилин Воронцовкадагы санаторийде өткөрүп жатам. 

Учурдан пайдаланып, кыйын мезгилде мага моралдык колдоо көрсөткөн жакын санаалаштарыма ыраазылык билдирип кетким келет. Оор операция болду деп Нургазы Анаркулов айткан экен, биринчи жардамын Камчыбек Ташиев иним көрсөттү. Биздей “кембагал” журналист үчүн бул чоң жардам болду. Короз кыйкыра электе сен келип аттың кабар алып, Асан досум келип атты. Бир күнү эле мурдагы президентибиз Сооронбай Шарипович кирип келди. Андан кийин Адахан Мадумаров, Айданбек Акматов келди. Экөө операция учурунда алты саат тикесинен тик турушкандарын мен кийин уктум. Бул деген нагыз адамгерчилик да! Айтор, уккандардын баары ден соолугумду сурап келип атышат. Баарына ыраазымын! Кечээ күнү Улукбек Ормонов чалды, “эмне муктаждык бар, айтыңыз?” деп. Султан Раев келип кетти. Түркиядан да чалып турат. Анан аяшыңды да бир мактап койбосом болбойт. Билесиң, менин айтканын бербеген көк, кежир мүнөзүм бар эмеспи. Жатып калгандан бери менин колум да, бутум да ушу аяшың болуп, баардык кыйынчылыктарды көтөрүп жатат. Башыма иш түшкөндө инилерим, карындаштарым да күндүр-түндүр жанымда болушту. Баарына ырахмат!

-Бул жердин шарты кандай экен?

-- Шарты жакшы. Бир гана кыйнаган нерсе – жалгыздык жаман тура. Шыпты тиктеп эле жата бересиң. Сен айткандай, күнүгө жыйырма-отуз киши менен сүйлөшүп жүргөн адам кокусунан эле жалгыз калса, эл жашабаган эрме чөлдө калгандай болот экенсиң. Балким, бул Жараткандын мага жиберген бир сыноосудур. Бирок, кайрат-күчүм, духум жоголгон жок, мурда кандай болсом, ошондой элемин. Оорудан мүңкүрөп калды деп ойлогондор жаңылышат. Батыраак айыгып, кайрадан кесиптештеримдин катарына кошулсам (!) деген кусалыгым бар. Полот хан айткандай, эки дарыянын ортосунда кылыч булгалагым келет... 

-Укол да алып атасыңбы?

-Жок. Уколду операция мезгилинде көп алдым. Кортекстен” керектүү гана дарыларды бербесе, укол беришкен жок. Бул жерде деле ошол. Массаж жасап, укалап, кыскасы, организмди калыбына келтирип жатышат. Себеби, көп жатып калдым да. Реанимацияда эле он күн жаттым... Бул чынында эле сейрек операция болду. Дагы бир жолу алтын колдуу дарыгерибиз Миталип Мамытовго, Кортекс” ооруканасынын, Воронцовкадагы санаторийдин жамаатына, директору Марат Сагынбаевге ыраазычылык билдирем!

-- Батыраак айыгып кет, досум! Окурмандарың сени күтүп калышты. 


Мамат Сабыров 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер