Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт ТӨРӨБАЕВ, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери: “Келерки шайлоодо максат өтүш эмес, көп добуш менен келүү”

Бакыт ТӨРӨБАЕВ, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери: “Келерки шайлоодо максат өтүш эмес, көп добуш менен келүү”

09-ноябрь, 17:02
522 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бакыт Эргешович, өзүңүздүн партияңыздын келерки шайлоодогу мүмкүнчүлүгүн кандай баалайсыз?

-- Эми эч бир саясатчы “шансыбыз жок” деп айтпайт да. Биз эки ай мурда сурамжылоо өткөрдүк. Ошол сурамжылоодо үч партия элдин оозунда экени аныкталды. Үч партия тууралуу көп сөз болду. Алардын арасында “Өнүгүү-Прогресс” да бар. Сиздер бир нерсени туура түшүнүңүздөр, 13 мандат менен чындыгында биз берген убадаларыбызды элүү пайыздан ашык аткардык. Бирок,13 мандат менен толук кандуу реформа кыла албайт экенсиң. Эгер эл туура көрсө, негизи 65 мандатты бир партияга бериш керек. Беш жылгабы, төрт жылгабы, бир партияга реформа жасаганга укук берүү кажет. Бүгүнкү жашоо-турмуш өтө тез ылдымдыкта өзгөрүп жатпайбы. Андыктан, бизде ар күнү, ар саат өзгөрүүлөр болуп турууга тийиш. Баардык тамактарда: саламаттык сактоо, билим берүү  системасында. Башкаруу системасында биз аябай артта калып кеттик. Келерки шайлоодо максат өтүш эмес, а көп добуш менен келүү. 

2015-жылдары бизде айыл чарбаны, региондорду көтөрөлү (!) деген ой болчу. Азыр приоритеттер өзгөрдү. Мамлекеттик деңгээлдеги приоритеттерди коюп жатабыз. Билимдүү адам гана мыйзам жазып, реформа жасай алат. 

-- Анда сиз 9 пайыздык тосмону колдойт турбайсызбы?

-- Бир-эки партия өткөнү деле болбойт. Төрт-беш партия келип, атаандаштык болуш керек. Көбүрөк партия өтүп, жаңы адамдар келгени жакшы. Мен учурунда “беш пайыздык тосмодон өтө албаган партиялардын деле парламентте бирден-экиден өкүлү болсун” деп сунуштагам. Бирок, ал сунушум өтпөй калган. 

-- “Өнүгүү-Прогресс” кайсы бир партия менен тандем түзүшү керек болуп калса, кимдер менен түзөт элеңиздер?

-- Азыр кайсы партия бар? КСДП ыдырады. “Республика – Ата Журт” экиге бөлүндү. Ошондуктан, сүйлөшүүлөр партиялар менен эмес, личносттор менен болот го...  


Аттокур ЖУМАЕВ

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер