Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шерадил Бактыгулов: “Корруцияны жоюу негизинен адамдардын сапатынан да көз каранды”

Шерадил Бактыгулов: “Корруцияны жоюу негизинен адамдардын сапатынан да көз каранды”

06-май, 09:00
448 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстанда жергиликтүү соттордун 312 судьясы өлкөнүн аймактарына ротацияланды. Мунун коррупцияны жоюуга жардамы болобу?

-- Коррупциянын түрлөрү көп. Коррупциялык схемалар да көп. Биздин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тууралуу мыйзамыбызда “Коррупциянын жолу кандай болот?” деген эң негизги тогуз түрү көрсөтүлгөн. Бир эле ротация менен сот системасы жоюлуп кетпейт. Коррупция кечээ эле чыккан эмес, керек болсо союз учурунда деле болгон. Бирок тилекке каршы, акыркы 30 жыл аралыгында көбүнчө судьялар өздөрүнүн кара курсагы, кызыкчылыгы үчүн иштеп жүрүшкөн. 30 жыл деген негизи бир муун өсүп чоңойгон доор. 

Корруцияны жоюу негизинен адамдардын сапатынан чыгат. Биринчиден, судья коррупцияга жакын болсо, ал жалгыз эмес, адвокаты бар, кылмышкерлер бар. Өздөрү кылмышты жасап, кайра чочулап жатышат. Кылмыш кылгандар уурдашканбы, мушташканбы, зордошконбу? Кылмышты жасап коюп, анан судьяларды колго алып жатышат. 

Бизде коррупция жок болушу жана судьялар эгемен болушу үчүн биринчиден, судьянын адамдык сапатын караш керек. Айлыкты канча көтөрбөйлү, мыйзамдарды канчалык кабыл албайлы, эгер адам коррупцияга жакын болсо, ал эл үчүн, адилеттик үчүн жана мыйзамдуулук үчүн кызмат кылбай, өзүнүн жеке чөнтөгүнө кызмат кылат. Ошондуктан ушул жагына да баа бериш керек. Ошону менен бирге кылмышкерлер, адвокаттар менен да иш алып баруу зарыл. Ротация коррупцияга каршы болуп жатканда бир эле күрөшүүнүн түрү болуп жатат. Негизи судьяларды “болуп жаткан коррупциялык системадан тышкары болсун” деп ротацияга жиберип жатышат. 

-- Сот системасында коррупция кандай ишке ашат?

-- Адвокат өзүнүн тааныш судьясына кирип, ишти бүтүрөт. Тааныш судья жок болуп калганда, коррупция деңгээли төмөндөйт десек болот. Негизи алар жаңы адам келгенде жеке кызыкчылыгы азыраак конок болуп калат. Ар кайсы аймактарга улам алмаштырып жылдырып койсо, ушул жагы жакшыраак. Бир жерге отургузуп эле тамырларын жайылтып койсо жемкорлук болбой койбойт, же ар кандай формалдуу эмес жолдорго барышы ыктымал. 

Коррупция жалаң эле сот системасы эмес, жергиликтүү бийликте да бар. Баары коррупциялык байланышты түзүшөт. Байланышты үзүү үчүн адамдарды алмаштырган туура иш. Бирок дагы кайталайын, ротация коррупцияны жоё турган жалгыз инструмент эмес. Башка дагы корруцияны жоюучу эң керектүү инструменттерди колдонгон оң. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер