Ширин Айтматова “караларга” тийишип атып, күйөөсүнө зыян кылбайбы?


Twitter баракчасына Ширин Айтматова күйөөсү Сыргак Кенжебаевди “каралар” СИЗОдо “сындырганы” жатканын жазган. Көп өтпөй ЖАМК жооп узатып, андай коркунучтарга азырынча негиз жок экенин билдирди.
Сыргак Кенжебаев кытай ишкеринен 350 миң доллар алдап алууга шектелип, камакка алынган. Ширин Айтматова болсо, бул көрүнүштү “Үмүт 2020” кыймылынын саясый ишмердигине байланыштырып, куугунтук көрүп атканын айтып, видео кайрылуу таратканга да үлгүрдү. Ал мындан ары тынчыбай турганын, күрөшүү жолунда экенин жашырган жок.
Эми Шириндин жазганына келсек, кооптонуп атканында кеп бардай. Негизинен алганда, “общактагылар” же “порядочныйлар” алдамчылык менен түрмөгө түшкөндөрдү жининдей жек көрүшөт. “Мошенниктер” эл катары чогуу отура алышпай, “закрывашкага” кирип кетишери ырас. Түрмөнүн ички мыйзамдарына ылайык, алдамчылар өз жазасын алышабы? Эми Ширин Айтматова бул жагын да саясатташтырып, өзү кеп кылган “караларга” тийишип атып, күйөөсүнө зыян кылып албайбы?..
Aryba.kg