Акыркы кабарлар
» Саясат » "Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияровдун дайыны жок. Ал УКМКда болушу мүмкүн
"Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияровдун дайыны жок. Ал УКМКда болушу мүмкүн
29-ноябрь, 12:16
1 194 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Депутаттыкка талапкер болгон “Ордо” партиясынын өкүлдөрү лидери Мирбек Мияров менен байланыша албай жатканын Kaktus.media сайтына билдирди.
Алардын айтымында, акыркы жолу аны кечээ саат 14:00дө №44 мектепте добуш берип жатканда көрүшкөн.
"Андан кийин биз да, үй-бүлөсү да аны менен байланыша албай жатабыз. Телефону өчүк. Аны башка жерден таба албай жатабыз. Балким ал УКМКда" деп талапкердин өкүлдөрү бийликтен реакция жана комментарий талап кылышкан.
Эске сала кетсек, шайлоого "Ордо" партиясы да катышкан.