Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайрат Маматов: “Шайлоочулар менен жолугушканда добуш сатуу орчундуу талкууга алынды”

Кайрат Маматов: “Шайлоочулар менен жолугушканда добуш сатуу орчундуу талкууга алынды”

30-октябрь, 13:43
325 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кайрат мырза, БШКнын түшүндүрүү иштери менен алыскы региондордо жүрдүңүз, эң талуу маселе кайсы болду?

-- Туура баамдадыңыз, бул күндөрү региондордо болуп келдим. Тийешелүү деңгээлде окутууларды жүргүзүп, лекция окудук, “бу жолку шайлоонун кандай өзгөчөлүктөрү бар?” деген маанайда. Биз бул боюнча жолугушууларда көбүрөөк маалымат берип, саясый партиянын жана бир мандаттуу округдан шайланып аткан талапкерлердин өкүлдөрү менен биргеликте иш-чара өтүп турду. Ошол эле учурда жарандык активисттерди бизге жардам берүүсүн, шайлоонун процедуралары кандай шартта жүрөрүн, биргеликте иш алып барууну шарттадык. Алсак, бу шайлоодо эки бюллетень болот. Бирөөсү бир мандаттуу округдан талапкерди белгилөө. Экинчиси партиялык тизмени тандоо, ошол эле жерде партиянын мүчөсүн белгилөө дегендей. 

-- Добуш сатуу жана сатып алууда шайлоочулардын аң-сезими өскөнү байкалуудабы, бул боюнча да иш алып барсаңар керек?

-- Шайлоочулар менен жолугушканда алар бизди добуш сатуу жана сатып алуу боюнча ачык-айкын карап берүүнү суранышты. Бул боюнча өлкө президенти бир эле эмес эки-үч жолу кайрылуу жасап, “ачык-айкын шайлоо өткөзөлү” деп айтты. Ошол себептен БШКнын мүчөлөрү да президенттин айткандарын позитивдүү кабыл алып, адилеттүү болуу, добуш сатып алуу же туура эмес үгүт жүргүзүү боюнча чара көрүү жагынан бу жолу эч бир маселе жаралбайт деп турам.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер